Богок


Калкан сымал бездин шишип чоңоюшу; мында бездин кызматы бузулуп, организмдин жалпы абалы начарлайт. Без сыртынан караганда эле моюндун алдында томпоюп турат. Б-тун бир нече формалары бар. Эндемиялык Б. менен Альп, Карпат, Гималай, Тянь-Шань тоолуу райондорунун элдери ооруйт. Начар санитария гигиеналык шарт түрткү берет. йоддун жетишсиздиги бездин функция сын төмөндөтүп, йоддуу гормон — тироксиндин аз бөлүнүшүнө алып келет (гипотиреоз). Балдарда гормондун аз бөлүнүшү өтө оор психикалык жана дене түзүлүшүнүн бузулуусуна түрткү берет (кретинизм). Калкан сымал без кээде өтө чоңоюп кекиртекти, кан тамырларды жана нервдерди кысат. Эндемиялык Б-тун себебин табуу, бул ооруну дарылоо чараларын иштеп чыгууга мүмкүндүк берди. Натыйжада бул оору кескин азайды. Диффузиялык ууландыруучу богокто без абдан чоңоюп (гипертиреоз), бездин өнөкөт сезгенүүсүнө же анын шишигине байланыштуу болот.

Б-тун бардык формасын врач ар кандай дары жана гормон менен дарылайт. Керек учурда хирургиялык операция жасалат. Эндемиялык Б-ту алдын алууда ар кандай чараларды (ичилүүчү сууну коргоо, тиричиликти оңоо, туура тамактануу, санитария-гигиеналык шартты жакшыртуу жана башка) көрүү, Б. оорусу мүнөздүү жердин элине йоддолгон туз берүү жакшы натыйжа берүүдө.

2016-05-20 86 Медицина Жыргалбекова С. 2016-05-20

Маалыматка пикир жазуу үчүн сайтка кириңиз же катталыңыз.