Блефарит


Көз жапкагынын (четтеринин) сезгениши. Б-ке жетишсиз тамактануу, аз кандуулук, ичеги карын жолдорунун оорусу, көзгө чаң, шамал дайыма таасир эткенде, алыстан жана жакындан начар көрүүдө, астигматизмде көз айнек кийбей жүрүү түрткү берет. Анда көз жапкагынын чети кызарып, кирпиктердин түбү шишийт, майда агыш боз же сары какачтар каптайт. Кирпик түшөт, топтошуп же көздү карай кайрылып туура эмес өсүп, көздү өйкөйт. Оору көпкө созулуп, кычыштырат, көз тез талыйт, жарыкты сүйбөйт. Б-ти алдын алуу жана дарылоодо барыдан мурда үйдөгү жана жумуштагы гигиеналык шартты жакшыртуу организмди чыңдоо, түрдүүлөп жакшы тамактануу, көздүн оптикалык жетишсиздигинде көз айнек тагынуу зарыл.

Көз жапкагынын ооруларында врачка кайрылуу керек. Врач сунуш кылган дары майды айнек таякча менен сыйпоо талапка ылайык. Кээ бир учурда көз жапкагына массаж жасоо жакшы таасир берет. Аны врач жасайт.

2016-05-20 67 Медицина Жыргалбекова С. 2016-05-20

Маалыматка пикир жазуу үчүн сайтка кириңиз же катталыңыз.