Биринчи дүйнөлүк согуш, (12) 1920-жылдардагы гүлдөп өнүгүү жана улуу депрессия

Европадагы 1914-жылкы Германия менен Австро-Венгриянын Британияга, Францияга, Италияга жана Россияга каршы согушу АКШга дароо эле таасирин тийгизген. Британия менен Германиянын экөөнүн тең деңиз флоту Американын жук ташуусуна тоскоол келтире баштаган, бирок Германиянын суу астындагы кемелеринин чабуулдары өтө коркунучтуу болгон. 1915-жылы океандагы британиялык 'Льюситания' лайнери чөктүрүлгөндө 130га жакын америкалыктар курман болгон. Президент Вудро Уилсон чабуулдарды токтотууну Германиядан, Австро-Венгриядан талап кылган, бир азга чейин чабуул токтотулган, бирок 1917-жылы алар кайра чабуулга өтүшкөн.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)