Баскетбол

Топ менен ойнолуучу командалык спорт оюну. Б. узундугу 26 м, туурасы 14 м болгон төрт бурчтуу атайын аянтчада ойнолот. Оюнчулар атаандашынын корзинкасына топту кол менен ыргытып түшүрүшөт. Оюн ар кандай кыймылдардан (чуркоо, секирүү, топту тосуп алуу, ыргытуу) турат жана тактикалык абалдардын тез алмашуусу менен мүнөздөлөт. Б. ойноо адамдын таяныч-кыймыл аппаратын өнүктүрөт жана бекемдейт. Дем алуу, жүрөк-кан тамыр системасынын функциясын, кыймыл координациясын жакшыртат. Организмдин күчү жана чыдамкайлыгы өсөт. Б-ду балдарга үйрөтүүнү 9—10 жашынан, атайын машыгууларды 11 —12 жашынан баштаса болот.

Ал эми мелдештерге катышууга 1 —1,5 жыл машыгуудан кийин уруксат берилет. Б. ойноодо кызыл ашык муундарынын чоюлушу, кол манжаларынын муундан чыгып кетиши жана башка травмалар болушу ыктымал. Кырсыктардын алдын алууда оюн аянтынын туура түзүлүшү, оюндун эрежелерин сактоо, бутка чак, ыңгайлуу спорттук бут кийим кийүү маанилүү. Б-дун элементтери айыктыруу физкультурасында колдонулат. Б.— дене тарбиянын жана активдүү эс алуунун мыкты каражаты.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)