Балбай баатыр [1797—1867, сөөгү Сары-Булакка (азыркы Түп району, Балбай айылы) коюлган] - бугу уруусунун токойлуу уругунан чыккан беделдүү манап. Ал Боромбай менен бирдикте 1854-жылы жиберген элчилер 1855-жылы январда Омскиде Россиянын букаралыгына өтүү жөнүндө бугу уруусунун атынан ант кармаппсан. 19-кылымдын 50-60жылдарында болгон бугу менен сарыбагыш уруу төбөлдөрүнүн ортосундагы феодалдык мүнөздөгү жаңжал учурунда бугу тараптын кол башчыларынын бири катары таанымал. Андагы чабыштардын биринде туткунга түшкөн Ормон ханды Б. катуу жарадар кылып, ал ошондон каза болгон. Россиядан алган сыйлыктарына карабастан ал орустарга баш ийгиси келбей өз айылы менен Шинжандагы Текес суусунун боюна көчүп кеткен. 1864-жылы Чыгыш Түркстандагы цин-манжур эзүүсүнө каршы улуттук бопггондук кыймылга катышкан. Көтөрүлүпггөн пайдаланып ал Сүмбөдөгү калмактардын бутпарастык кечилканасын чаап, калмактарды талоон кылууга катышкан. 1867-жылы жазында полковник В А. Полтарацкийдин отряды Текеске келип, Б-ды туткунга түшүргөн. Верныйдагы түрмөгө камалган. Б. күзгө таяп ошол жерде каза тапкан.
Сары-Булак жана Түп айылдарында бирден көчө Б-дын ысымынан, мурдагы «Күрмөнтү» к-зу «Балбай ата» айыл чарба элдик коому деп аталган.