Баласагын шаары

Баласагын (Баласагун) – орто кылымда курулган Орто Азиядагы ири шаарлардын бири. Кайсыл жерде жайгашканы жөнүндө азырынча так маалымат жок. Башкача аталуулар менен VIII к. баштап белгилүү болгон. Анын биринде түркчө «Беклиг» (чеп же шаар), согду тилинде «Семекна» деп аталган шаар кезигет. Түрк сөздөрүн чечмелөө аркылуу окумуштуулар С. П. Толстов (моңг. Балгасун = Баласагун) менен С. Г. Кляшторный («бала» – балык = шаар, «сагун» – аскердик-акимчилик титулу) «Беклиг» («Беклелиг») жана «Семекнанын» Баласагун (б. а. «Сенгундун шаары») менен дал келишин белгилешкен. Ал шаардын башчысынын аты Бадан Сангу болуп, «Бадан» деген кишинин аты (аны согдалык, же персиялык ак сөөктөрдүн бири деп эсептешет), «сангу» титул экени чечмеленген. 731-ж. Жети-Суудан Күлтегиндин кара ашына келген согдалык Нек Сенгун менен Огул Тарханга салыштыруу менен «сенгун» мураска кала турган титул экени С. Г. Кляшторный тарабынан такталган. Нек Сенгун Бадан Сангудан мурун бийлик кылган. Алгач Низам ал-Мүлктүн (11-к.) эмгегинде («Сиасет-намэ»), 331 (942/43)-жылы дарга асылган Мухаммед б. Ахмед Нахшабиге байланыштуу окуяларда эскерилет. 943–44-ж. каапыр-түрктөр (караханиддер) бул шаарды басып алган. XI-кылымдын 30-ж. Караханид мамлекети экиге бөлүнүп, Баласагын ш. бир канча жыл бою анын чыгыш бөлүгүндөгү борбор катары кызмат кылган. М. Кашгари «Күз-Улуш», «Күз-Ордо» деп атап, «улуш» чигил тилинде «кыштак», аргу өлкөсүндө жашагандар боюнча «шаар», ал эми «Күз-Ордо» деген сөз «Ордо» шаарына жакын жерден орун алганына байланыштуу айтылып калганын жана «Баласагунда жашаган эл – сугдак» деп аталганын эскертет. Де Гуе (De Goeje) тарабынан жарык көргөн (BG-A, III) ал-Мукаддасинин (X к.) эмгегинде («Ахсан ат-такасим фи ма'рифат ал-акалим») Сыр-Дарыянын төмөн жагында гуз-түркмөндөргө караштуу Сауран, Баладж менен катар түркмөндөрдүн (түрк) ханы турган чакан Урду шаары көрсөтүлгөн. Бирок, М. Кашгариге таянган котормочу (С. Волин) Урду шаарында түркмөн эмес, карлуктар жашаган деп түшүндүрөт. 1130-жылдары Баласагунду кара-кытайлар басып алып, 1210-ж. хорезм шахы Мухаммед Текеш тарабынан таланган. 1218-ж. моңголдор басып алып, каршылыксыз багынып бергени үчүн «Гобалык» («Жакшы шаар») деп аталып калат. Андан кийин Махмуд ибн Валинин «Бахр ал-асрар» деген китебинде эскерилет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)