Бактериология

Микробиологиянын бактерияларды изилдөөчү бөлүмү. Жалпы Б. бактериялардын классификациясын, түзүлүшүн жана химиялык составын, ар кандай азык чөйрөдө бактериялардын өсүшүн жана мындагы азык субстраттын өзгөрүшүн, айлана-чөйрө факторлорунун бактерияларга тийгизген таасирин изилдейт. Медициналык Б. кишиде оору козгоочу (патогендүү) бактериялардын касиетин, аларды бөлүп таануу методун, диагностика, иммунитет маселелерин изилдейт. Жаныбарлардын жугуштуу ооруларын изилдөөчү ветеринариялык Б., ошондой эле санитариялык, айыл чарба жана өнөр жай Б-сы бар.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)