Бактериофаг

Бактерия клеткаларын жабыркатуучу, анда көбөйүүчү жана аны эритүүчү (лизис) бактериялардын вирусу. Б. ага өтө сезгич бактериялар бар жерде болот. 1898-ж. орус окумуштуусу Н. Ф. Гамалея бактериялардагы лизис кубулушун 1-жолу байкаган. 1915-ж. англиялык врач Ф. Туорт стафилококк колониясынын (Шилтеме: Бактериялар) өзүнөн өзү эришин байкап, мындай колониянын фильтратында бактерияларды кармап калуучу майда чыпкадан өтүп кете турган, эритүүчү агент болорун аныктаган. Ф. Туорт бул агентти бактериялардын вирусу деп атоону сунуш кылган. 1917-ж. Канада окумуштуусу Д. Эрель дизентерия менен ооруган кишинин ичегисинен эритүүчү факторду бөлүп алып, аны бактериофаг — бактерияларды жоготкуч деп атаган. Б-дын ачылышы жана аны изилдөө азыркы молекулалык биология жана генетиканын өөрчүшүнө чоң таасирин тийгизди. Б. биологиялык макромолекулаларды (Шилтеме: Велоктор, Нуклеин кислоталары) алуу, генетикалык код, гендердин байкалуу механизмдери (Шилтеме: Генетика) сыяктуу маселелерди чечүүдө ыңгайлуу биологиялык объект болуп эсептелет.

Көпчүлүк бактериялардын, анын ичинде оору пайда кылуучу жана сапрофиттер үчүн Б. табылган. Алар киши менен жаныбарлардын ичегисинде, өсүмдүктөрдө, топуракта, көлмөлөрдө, булганыч сууларда жана башка кезигет. Бардык Б. негизги эки компоненттен: белоктон жана нуклеин кислотасынан турат. Нуклеин кислотасы ДНКлуу жана РНКлуу болуп бөлүнөт. Б-ды электрондук микроскоп менен изилдөө анын полиморфтуу экенин көрсөткөн, алардын кээ бири — ийилчээк жип сымал, башкасы алты кырлуу болот. Б-дын башынан куйрук өсүндүлөрү өсөт. Б. бактерия клеткасына куйрук өсүндүсү менен жабышып, фермент бөлүп чыгарат. Ал фермент клетканын капталын эритет да, Б. клеткага кирет.

Анда фагдын нуклеин кислотасынын таасиринен бактериянын белок, ДНК, РНК синтездөөсү токтолуп, фагдын нуклеин кислотасы, андан кийин белогу синтезделет. Ал белоктун бир бөлүгү жаңы пайда болгон Б-дын челин түзөт. Б - дын кээ бири микроорганизмдердин белгилүү гана түрүн (монофаг), айрымдары ар кандай түрлөрүн (полифаг) эритет. Жаңы бөлүкчөлөрдү пайда кылуу менен клетканы эритүүчү вируленттүү Б., клеткага адсорбцияланып, бирок аны эритпей клеткада калуучу лизогенд үү Б. болуп бөлүнөт. Б. ооруларды алдын алууда жана дарылоодо колдонулат. Дизентерия, холера, чума ооруларын алдын алууда, дарылоодо, генетика, молекулалык биологиянын теориялык иштери үчүн колдонулат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)