(1923, Ак-Суу району, Отуз-Уул айылы —1944) - советтик Союз. Баатыры (22.07.1944). 1942-жылы Кызыл Армиянын катарына чакырылган. 1943-жылы марттан сргушка кирген. 1-Балтика бою фронтунун 6гвардияльпс армиясынын 67-гвардиялык аткычтар дивизиясынын 199гвардиялык аткычтар полкунда пулемётчу болгон. 1944-жылы 24-июнда Батыш Двина дарыясы аркылуу Лабейка айылы туигга (Шумлинск району, Витебск облусу) пулемёту менен 1-болуп өтүп гитлерчилердин контрчабуулуна каршы салгылашкан.
Станоктуу пулемётунун бүткүл расчёту катардан чыккан соң, А. жалгыз калып, фашисттер жакындап келгенде, акыркы гранатасын жардырып, айланасындагы фашисттерди кырып өзү да курман болгон. Туулган айлында бюсту, Лабейка айылында обелиск орнотулган. Анын аты менен Минскиде көчө, туулган жеринде орто мектеп аталган, айылдагы үйүнө мемориалдык такта орнотулган, музейи бар.