Акча бирдиги


Акча бирдиги – улуттук акча тутумунун катышы, өлкөнүн аймагында бирдей наркта милдеттүү түрдө кабыл алына турган мыйзамдуу төлөм каражаты. КР ырасмий Акча бирдиги – сом. КР аймагында башка Акча бирдигин киргизүүгө жана акча суррогаттарын чыгарууга тыюу салынган. КР аймагында башка Акча бирдиктери (чет өлкө валютасы) менен эсеп-кысап жүргүзүү шарты менен тартиби мыйзамдар тарабынан аныкталат.

Өлкөдө акчаны сунуш кылуу базасын аныктоочу накта акчанын типтүү бирдиги, мисалы: сом - Кыргызстанда, манат - Туркменистанда, сомони - Тажикстанда, сум - Өзбекстанда, тенге - Казакстанда, юань - Кытайда, россиялык рубль - Россияда, белорусcиялык рубль - Белоруссияда, америкалык доллар - АКШда, австралиялык доллар - Австралияда, канадалык доллар - Канадада.

Ар бир А. б. эларалык соода жүргузүүдө башка акча бирдигине белгилүү бир катышта болот.



Кыргыз Республикасынын Улуутук банкынын валюталардын расмий курсу

2016-08-01 158 Бөлүм: Башкалар

Маалыматты көчүрүү үчүн сайтка кириңиз же катталыңыз.