Орусча-кыргызча котормочулар талап кылынат

Акак


Акак (Акак таш) — «Акак мончок тагынам, Койчу кулду не кылам, жылкычыны сагынам» (Эл ыры). Бул — буюмдун жердиги. Элдик зергерчиликте буюм бетине чөгөрүү үчүн колдонулуучу ийне жалбырактуу жыгачтардын ташка айланып, ар кандай түстө кубулган (көбүнчө сары) чайыры. Бул баалуу зат шакек, желбирөөч, бой тумар, сөйкө, билерик, чолпу (чач учтук), топу өңдүү кыз-келиндердин зер буюм-тайымдарына, эр кемерине, ат жабдыктарынын бөлүктөрүнө «тогуз төбөлөп» («куткундап») кооздоодо колдонулат. «Кызыл шуру, ак бермет, Акак, каухар аралаш» (Н. Жетикашкаева).

2016-05-20 87 Кол өнөрчүлүк Жыргалбекова С. 2016-05-20

Маалыматка пикир жазуу үчүн сайтка кириңиз же катталыңыз.