Ак-суу району

Ак-суу районуАк-суу району 1973-жылы уюшулган. Түндүгүнөн Түп району, батышы менен түштүк-батышынан жана түштүгүнөн Жети-Өгүз району, түндүк-чыгышынан Казакстан жана түштүк-чыгышынан КЭР менен чектешет. Аянты 10,1 миң чарчы/чакырым. Калкы 58,3 миң (1993). Райондо 12 айыл кеңеши, 40 айыл бар. Аймагында Каракол ш., Жыргалаң жана Пристань-Пржевальск шаарчалары жайгашкан.Табияты.

Жеринин бети тоолуу; Кан-Теңир тоо тоомунун (Жеңиш чокусу, бийикт, 7439 м) батыш бөлүгүн, Сары-Жаз суусунун алабын, Тескей Ала-Тоонун чыгыш бөлүгүн, Тасма дөңсөөсүнүн чыгыш капталын (бийиктиги 1800—2400 м) жана Жыргалаң өрөөнүн ээлейт. Кен байлыктардан көмүр, коргошун, калай, кайнатма туз, курулуш материалдары бар. Минералдуу ысык сууларга (Алтын-Арашан, Ак-Суу, Жыргалаң) бай. Климаты мелүүн континенттик (Ак-Суу сырттарында кескин континенттик). Июлдун орточо температурасы 14—17°С, январдыкы —5 ... —7°Сге чейин (сырттарында июлдуку 10,8°С, январдыкы —19,6°Сге чейин). Жылдык жаан-чачыны 450—700 мм (сырттарында 250 мм). Кан-Теңир тоо тоому мөңгүлүү (ирилери: түндүк жана түштүк Эңилчек, Кайыңды жана башкалар). Ири суулары: Сары-Жаз, Жыргалаң, Түргөн-Ак-Суу, Каракол жана башкалар Тоолорунда көл (Мерцебахер жана башкалар) көп. Кыртышы 2400 м бийиктикке чейин ачык жана кара коңур топурактуу, андан жогору тоолуу талаа кара топурагы таралган.

Тоо этектери күр топурактуу. Сугат жана кайрак жер дыйканчылыгы өнүккөн. 2000—3000 м бийикте карагай токою жана бадал өсөт; субальп шалбаасы чабынды жана жайыт катары пайдаланылат. 2500—3000 метрден жогору альп шалбаа өсүмдүктөрү өсөт.

3500—4000 м бийиктикте түбөлүк кар жана мөңгү жатат. Тоолору жайыт, өрөөнү кыпггоо катары пайдаланылат. Жаныбарлары: тоо эчки, бугу, аюу, доңуз, илбирс, карышкыр, суур, түлкү, кашкулак, коён; куштардан: кыргоол, маңка каз, кекилик, бүркүт жана башкалар кездешет. Калкы көп улуттуу.

Негизинен кыргыз (68,8%, 1989-жылдагы эл каттоо боюнча), орус, калмак, украин, өзбек, уйгур, казак, дуңган жана башкалар жашайт. Калк райондун түндүк (түзөң) бөлүгүндө жышыраак. орточо жыпгг. 1 км1 жерге 5,7 киши. Шаар калкы негизинен Жыргалаң жана Пристань-Пржевальск шаарчасында топтолгон.Чарбасы.

Эл чарбасынын негизин айыл чарба түзөт. өнөр жай анча өнүккөн эмес. Райондун аймагында жергиликтүү маанидеги «Жыргалаң» шахтасы, Каракол механикалаштырылган токой чарбасы жана турмуш тиричилик жактан тейлөө комбинаты бар. Калай, коргошун жана башкалар түстүү металл кендери чыгат. Табигыйклиматтык шарттары уяң жана чала уяң жүндүү кой, эт-сүт багытындагы уй, жылкы, аары, үй куш чарбаларын өнүктүрүүгө; картөшкө, эгин жана тоют өсүмдүктөрүнөн мол түшүм алууга ыңгайлуу. райондо айыл ч-нан алынган дүң продукциянын 57,0%ин мал чарбасы берет. Облуста алынган жалпы айыл чарба дүң продукциясынын 11,4пайызды райондун үлүшүнө таандык. райондо 2 колхоз, 10 совхоз, 3 адистепггирилген чарба бар. 1993-жылы рндо айыл чарбага жарактуу 349,5 миң га жери (райондун жеринин 35,2пайызды), анын 46,6 миң гасы айдоо (райондун айыл чарба жеринин 13,4пайызды), 13 миң га көп жылдык мөмө-жемиш өсүмдүктөр, 2,9 миң га чабынды, 28 миң га жайыт болгон. Дан эгиндери 13,6миң га (айдоо аянтынын 38,4пайызды), тоют өсүмдүктөрү 86 миң га (55%) жерге эгилет.

Картөшкө (1,9 миң га), жашылча (26 га) айдалат. 1992-жылы райондун чарбалары 56,3 миң т эгин, 27,1 миң т картөшкө өстүрүшкөн. 1993-жылы1-ян - варда коомдук чарбаларда 191,2 миң кой, эчки, 22,6 миң уй (сааны 6,3 миң), 4,8 миң жылкы, 2,0 миң чочко, 15,6 миң үй купггары болгон. райондо автомобиль транспортуна негизги роль таандык. Райондун аймагында Каракол аэропорту бар. Элге билим берүү, маданият жана саламаттык сакт о о . 1992/93 окуу жылында 36 жалпы билим берүүчү мектепте (Каракол шаарынан башка) 12793төн ашык окуучу окуган; 1 кесиптик техникалык окуу жайы иштейт. 28 бала бакча, бешик үйлөрүндө 2,5миң бала тарбияланган. 1993-жылы Ак-Суу борборлоштурулган китепканасы (39,2 бөлүмү бар), маданият үйү, 23 мамлекеттик, 1 к-здук, 6 ведомстволук, 5 автоклубдар, 27 киноустановка иштеген. Райондук «Мезгил жарчысы» гезити кыргыз, орус тилинде чыгат. Райондук оорукана (бейтапканасы менен), 3 участкалык оорукана, балдардын неврологиялык санаторийи (105 орундуу) жана башкалар медициналык-санаториялык мекемелер, Ак-Суу курорту бар.Ак-суу районунун айылдары. Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) айылы.

Калкы 58,3 миң (1993). Ак-Булак Ак-Булуң айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) айылынан 34 чакырым чыгыш тарапта. 1924-жылы негизделген. Калкы 1604 (1993). Орто мектеп, клуб, фельдшер-акушердик пункт бар. Ак-Булуң аты уйкаш айыл кеңешинин борбору Каракол - Жыргалаң авто жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) айылынан 35 чакырым чыгыш тарапта. 1922-жылы негизделген.

Калкы 1740 (1993). Орто мектеп, клуб, китепкана, санитария врачтык амбулатория, фельдшер-акушердик пункт, «Назгүл» нан бышыруучу кичи ишканасы бар. Айылда Ыбырай Тумановдун үй музейи бар.БирликЧелпек айыл кеңешине караштуу айыл. «Челпек» агрофирмасынын (1991-жылга чейин "Ысык-Көл" тажрыйба селекция станциясы деп аталган) аймагында. Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) айылынан 15 чакырым батыш тарапта, Каракол шаарынан 4 чакырым. Калкы 125 (1993).Боз-БулуңБөрү-Баш айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) айылынан 18 чакырым түндүк-батыш тарапта. Калкы 998 (1993). Орто мектеп, фельдшер-акушердик пункт, бала бакча бар.Боз-УчукАты уйкаш айыл кеңешине караштуу айыл.

Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) айылынан 21 чакырым чыгыш тарапта. Каракол шаарынан 31 чакырым. Калкы 3050 (1993). Орто мектеп, участкалык оорукана, фельдшер-акушердик пункт, дарыкана, кийим тигүү комбинатынын бөлүмү, Боз-Учук соода-өндүрүш фирмасы, сүт заводунун бөлүмү, «Алтын-Булак» дарылоочу жайы, маданият үйү, клуб бар.Бөрү-БашАты уйкаш айыл кеңешинин борбору Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) айылынан 15 чакырым түндүк-батыш тарапта. Калкы 1577 (1993). Орто мектеп, фельдшер-акушердик пункт, китепкана, маданият үйү, бала бакча бар. Айылда Социалисттик Эмгектин Баатыры К. Абдулаев туулган.Бурма-СууЧелпек айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) айылынан 14 чакырым түндүк-батыш тарапта. Калкы 1368 (1993).

Орто мектеп, фельдшер-акушердик пункт, клуб бар.Жаңы-АрыкКара-Жал айыл кеңешине караштуу айыл. Каракол шаарынын түндүк-чыгышында, Каракол-Балыкчы авто жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) айылынан 14 чакырым түндүк-батыш тарапта. Калкы 1368(1993).

Орто мектеп, клуб бар.ЖергезКереге-Таш айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) айылынан 20 чакырым чыгыш тарапта. Калкы 748 (1993). Китепкана бар. Жол-КолотОктябрь айыл кеңешине караштуу айыл.

Каракол шаарынын түштүк четинде жайгашкан. Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) айылынан 8 чакырым батыш тарапта. Калкы 2189 (1993). Орто мектеп, клуб бар.ЖылдызКаракол айыл кеңешине караштуу айыл.

Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) айлынан 28 чакырым түндүк тарапта. Калкы 685 (1993). Негизги мектеп, бала бакча, клуб, китепкана бар.3ынданАк-Булуң айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) айылынан 35 чакырым чыгыш тарапта. Калкы 950 (1993).

Мектеп, бала бакча, клуб бар.Ичке-ЖергезБоз-Учук айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) айылынан 20 чакырым чыгыш тарапта. Калкы 2000(1993). Орто мектеп, фельдшер-акушердик пункт, китепкана, бала бакча бар. Айылда Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Ж. Үмөтов, Социалисттик Эмгектин Баатыры К. Кадыров туулган.Кайырма-АрыкКереге-Таш айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) айылынан 12 чакырым чыгыш тарапта жайгашкан. Калкы 1070 (1993).

Орто мектеп, бала бакча, бар.Кара-ЖалАты уйкаш айыл кеңешинин борбору Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) айылынан 12 чакырым түндүк-батыш тарапта. Калкы 125 (1993).КараколАты уйкаш айыл кеңешинин борбору Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) айылынан 18 чакырым түндүк тарапта. Калкы 1660(1993). Орто мектеп, оорукана (70 орундуу), дарыкана, фельдшер-акушердик пункт, маданият үйү, китепкана, тери иштетүүчү жеке ишканасы бар.Кара-Кыз ПионерКереге-Таш айыл кеңешине караштуу айыл.

Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) айылынан 15 чакырым чыгыш тарапта. Калкы 325 (1993).Качыбек (мурунку Раздольный)Ак-Чий (мурунку Соколовка) айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) айылынан 25 чакырым түндүк-чыгыш тарапта. Калкы 790 (1993). Орто мектеп, фельдшер-акушердик пункт, китепкана, клуб бар.Кереге-ТашАты уйкаш айыл кеңешинин борбору Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) айылынан 3 чакырым чыгыш тарапта жайгашкан.

Калкы 2410 (1993). Орто мектеп, бала бакча, китепкана, маданият үйү бар. Айылда Кыдыр аке, академик жылы Алышбаев туулган.КурбуКаракол айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борборунан 25 чакырым түндүк-батыш тарапта.

Калкы 670 (1993). Негизги мектеп, клуб, китепкана бар.Кызыл-КыяАк-Чий айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) айылынан 30 чакырым түндүк-чыгыш тарапта.ЛеснойТеплоключенка (Ак-Суу) айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) айлынан 2 чакырым түштүк тарапта. Каракол шаарынан 9 чакырым чыгыш тарапта.МаманОктябрь айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) айылынан 6 чакырым түндүк-батыш тарапта. Калкы 1700 (1993).

Орто мектеп, бала бакча, АТС, клуб, турмуш тиричилик жактан тейлөө бөлүмчөсү бар.Орлиный (Чолок)Аты уйкаш айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) айылынан 19 чакырым түндүк тарапта. 1911-жылы негизделген. Калкы 800 (1993). Орто мектеп, клуб, китепкана, фельдшер-акушердик пункт бар. Орлиный айылында Социалисттик Эмгектин Баатыры Т. А. Довгаль туулган.

ОтрадныйАты уйкаш айыл кеңешинин борбору Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) айылынан 24 чакырым түндүк-чыгыш тарапта. 1911-жылы негизделген. Калкы 1712 (1993). Айылда орто мектеп, маданият үйү, китепкана, бейтапкана, бала бакча бар.Отуз-УулКара-Жал айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) айылынан 7 чакырым түндүк-батыш тарапта. Калкы 1000 (1993).

Орто мектеп, китепкана, фельдшер-акушердик пункт бар. Советтик Союздун Баатыры Ж. Асаналиев атындагы орто мектеп жана көчө бар.Сары-КамышКереге-Таш айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) айылынан 7 чакырым чыгыш тарапта. Калкы 1640 (1993). Орто мектеп, бала бакча, фельдшер-акушердик пункт, клуб, китепкана бар.СоветАк-Чий айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) айылынан 48 чакырым түндүк-чыгыш тарапта. Калкы 732 (1993). Айылда негизги мектеп, бала бакча, медпункт, клуб, китепкана бар.СоколовкаАк-Чий айыл кеңешинин борбору (1993-жылдан).

Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) айылынан 30 чакырым түндүк-чыгыш тарапта. Калкы 1336 (1993). Орто мектеп, фельдшер-акушердик пункт, санитария врачтык амбулатория, китепкана, клуб бар.Таш-КыяЧелпек айыл кеңешине караштуу айыл. Каракол шаарына туташ жайгашкан. Райоңдун борбору Тёплоключенка (Ак-Суу) айылынан 13 чакырым түштүк-батыш тарапта.

Калкы 1513 (1993). Башталгыч мектеп бар.ТегизчилКара-Жал айыл кеңешинин борбору Каракол - Түп авто жолунун чыгыш тарабында жайгашкан. Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) айылынан 11 чакырым түндүк-батыш тарапта. 1910-жылы негизделген. Калкы 1200 (1993). Орто мектеп, токой чарбасы, «Жыргалаң» санаторийи, фельдшер-акушердик пункт, бейтапкана, маданият үйү, клуб бар.ТепкеАты уйкаш айыл кеңешинин борбору 1987-жылы уюшулган. Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) айылынан 28 чакырым түндүк тарапта. Калкы 810 (1993).

Орто мектеп, клуб, фельдшер-акушердик пункт, китепкана, бала бакча бар. Айылда Кыргыз эл жазуучусу К. Жантөшев, Кыргызстан эл артисти С. Жумадылов туулган.Үч-КайнарКара-Жал айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) айылынан 7 чакырым түндүк-батыш тарапта. Калкы 890 (1993).

Бала бакча, китепкана бар.ЧелпекАты уйкаш айыл кеңешинин борбору Челпек айылы 1884-жылы негизделген. Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) айылынан 15 чакырым батыш тарапта, Каракол шаарынан 4 чакырым. Калкы 1500 (1993). Орто мектеп, клуб, санитария врачтык амбулатория, бут кийим, кийим тигүүчү цехтер, арак-вино заводу, тери цехи, зоналык агрохимлаборатория бар.ЧерикБөрү-Баш айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) айылынан 20 чакырым батыш тарапта.ЧолпонКаракол айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) айылынан 21 чакырым түндүк-батыш тарапта. Калкы 1340 (1993).

Орто мектеп, фельдшер-акушердик пункт, клуб бар.ШапакОтрадный айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) айылынан 26 чакырым түндүк-чыгыш тарапта. Калкы 816 (1993). Орто мектеп, клуб, китепкана, фельдшер-акушердик пункт бар. Айылдын батышындагы көрүстөнгө 1992-жылы Шапак баатырдын күмбөзү салынган.ЭнчилешБоз-Учук айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) айылынан 30 чакырым чыгыш тарапта. 1900-жылы негизделген.

Калкы 1003 (1993). Орто мектеп, китепкана, бала бакча жана айылдын аймагындагы Боз-Учук капчыгайында «Алтын-Булак» жылуу суусу бар.ЭңилчекАты уйкаш айыл кеңешинин борбору Сары-Жаз өрөөнүндө, Эңилчек суусунун Сары-Жазга куйган жерине жакын жайгашкан. Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) айылынан 165 чакырым түштүк-чыгыш тарапта. Калкы 1358 (1993). Орто мектеп, китепкана, амбулатория бар.Ак-суу өрөөнүТескей Ала-Тоонун түндүк капталында, Алмалы жана Алтын Арашан сууларынын өрөөндөрүнөн орун алган, Ак-Суу районунун аймагында. Чыгышынан Ичке-Жергез, Буркан, батышынан Каракол, Жыланды тоолору менен чектешет. узундугу 60 чакырым, туурасы 0,02— 2,5чакырым, орточо бийиктиги 2000—3900 м. жогорку бөлүгү мөңгүлүү, зоолуу, ортосу кенен, төмөн жагы кууш капчыгай.

Гранит, кумдук, акиташ тектеринен турат. Климаты континенттик. Январдын орточо температурасы —5°С ... —9°С, июлдуку 20-25°Сдей. Жылдык жаан-чачыны 500-800 мм. Мөңгүлөрү: Кашка-Суу, Алтын Арашан, Ашуу-Суу, Алмалы жана башкалар Ири суулары: Алтын-Арашан, Алмалы жана алардын куймалары: Ашуу-Суу, Кашка Суу, Шаркыратма, Айланма. Кыртышы боз, күрөң жана шалбаа топурактуу. Өсүмдүктөрдөн карагай, арча, табылгы, четин, шилби, терек, тал, ит мурун жана бадал өсүмдүктөрү өсөт. Жаныбарлары: тоо эчки, түлкү, карышкыр, аюу, кашкулак, илбирс, суур, чөө; куштардан: алагүү, көк көгүчкөн, кекилик, улар, чил, карга, жору, бүркүт, кузгун, бактек жана башкалар кездешет. Жайыт катары пайдаланылат. А.-С. өнөр кооз жана ысык булактуу болгондуктан Ак-Суу суусунун жээгинде курорт жана эмгекчилер эс алуучу жайлар бар.Ак-суу районунун ирригациялык курулмалары.1973-жылы Түп сугат тармактар башкармасынын базасында түзүлгөн.

1993-жылы райондун 42716 га жери, анын ичинде 2 колхоздун, 10 совхоздун жери жалпы узундугу 958 чакырым каналдардын жана 561 гидротех. курулмалардын (анын ичинде 9 гидравликалык автоматтык жапкыч) жардамы менен сугарылат. Эң ири сугат системалары Каракол, Ак-Суу-Арашан, Түргөн, Жыргалаң, Кургак-Арал сууларына, ошондой эле Кереге-Таш, Сары-Камыш, Чоң-Жергез, Ичке-Жергез, Боз-Учук, Челпек айылдарындагы кичине сууларга курулган. Жылына сугатка 450 млн метр/куб суу чыгымдалат. Эң ири каналы - Комсомол (Жыргалаң суусунан башталат, узундугу 72 чакырым, чыгымы 14 м/сек). Ирригациялык курулмалар райондук сугат тармактар башкармасына (Теплоключенка айылында) карайт. 115 киши иштейт (1993).

Ак-суу чебиЫсык-Көл өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө жашаган бугу уруусу Россиянын курамына бириктирилгенден кийин россиялык колониалдык администрация 1864-жылы Ак-Суунун боюна курган. Өрөөндү колониялаштыруунун алгачкы таяныч пункту болгон. Анда туруктуу гарнизон кармалган. Чеп Ысык-Көл уездин башкаруу борборуна айланган. 1868-жылдан анын айланасына келгин дыйкандар отурукташа баштаган. 1869-жылы жайында Каракол шаары негизделип, ушул эле жылдын күзүндө Ак-Суу чебиндеги гарнизон Караколго көчүрүлгөн. Ушундан тарта Каракол Ысык-Көл уездинин борборуна айланат да, Ак-Суу чеби өз маанисин жоготот. Чептин айланасында Теплоключенка (Ак-Суу) айылы өсүп чыккан.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)