Ацидоз

Организмдеги органикалык кислоталардын жетишсиз бөлүнүшүнүн жана кычкылданышынын натыйжасында кислота-жегичтик тең салмактуулуктун бузулушу. А. организмде кан менен ткандарда кислота аниондорунун өтө көбөйүүсүнөн байкалат. Түрдүү ысытма ооруларда, ич өткөндө, кош бойлуу мезгилде, ачка болгондо жана башка кислоталар организмден жакшы бөлүнбөй, анда топтолуп, жеңил түрүндө — заарада ацетоуксус кислотасы жана ацетон пайда болот; оор түрүндө (кант диабети) эстен тандырышы мүмкүн. Дарылоо аны пайда кылган себептерге карата жүргүзүлөт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)