Абдрахманов Жусуп


Абдрахманов ЖусупАбдрахманов Жусуп (Юсуп) (1901, Жети-Суу облусу, Каракол уезди, Күнгөй-Ак-Суу болушу, Чиркей кыштоосу, азыркы Ысык-Көл району, Жаркымбаев айылы -1938, Бишкек, сөөгү 1991-жылы «Ата-Бейит» көрүстөнүнө коюлган) -20 жана 30-жылдардын башындагы Кыргызстандын партиялык жана мамлекеттик ири ишмери, эл тарыхын обьективдүү изилдөөчү. 1919—33-жылы КПССтин катарында турган. 1911-16-жылы Сазанов (азыркы Ананьев) айылындагы үч жылдык орус-жергиликтүү мектебинде, Каракол шаарындагы жогорку башталгыч окуу жайында окуган. 1916-жылкы үркүндө эл менен кошо Кытайга качып, ата-энесинен ажыраган. 1917-жылы Кытайдан кайтып келген. 1918-жылы кызыл гвардиячылардын катарына кирген. Андан соң рота командирине жардамчы болуп, Жети-Суудагы ак казак орустарга каршы уруштарга катышкан. 1919-жылы Верный (Алматы) шаарында командирлик курста окуган. 1919-жылы РКСМ Түркстан бюросунун президиумунун жана РКСМдин Жети-Суу облустук уюштуруу бюросунун мүчөлүгүнө шайланган.

1920-жылы Москвада өткөн РКСМдин 3-сьездинин делегаты болуп, анда В. И. Ленин менен сүйлөшүп, пикир алышкан. 1920-жылдан партиянын Алматы, Талды-Коргон уезддик-шаардык комитеттеринин, 1921-жылы марттан Каракол уезддик-шаардык комитетинин жооптуу катчысы. 1922—24-жылы партиянын Бишкек уезддик-шаардык, Жети-Суу облустук комитеттеринин уюштуруу бөлүмүнүн бапгчысы, 1924-мартта Түркстан АССРинйн борбору Аткаруу комитетинин президиумунун мүчөсү жана жооптуу катчысы болуп шайланган. 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун облустук партбюросунун жооптуу катчысы болуп бекитилген. 1925-жылы майдан РКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, августтан Москвада РКП(б) БКнын аппаратында инструктор. 1926-жылы октябрда Кыргызстанга келип, облаткомдун төрагасынын 1орун басары, 1927-жылы марттан - 1933-жылы сентябрга чейин Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар Советинин төрагасы. Ошол эле мезгилде РСФСР БАКтын мүчөсүнүн, андан кийин Бүткүл союздук БАКтын жана РКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун мүчөлүгүнө кандидаттын милдетин аткарган. 1933-жылы сентябрда компартияга каршы аракеттенген деген жалаа менен ишинен бошотулуп, партиянын катарынан чыгарылган.

Андан кийин Ортоңку Волга крайынын мал чарбачылык башкармасынын башчысынын орун басары, 1935-жылдан Оренбург облустук аткомунун жер бөлүмүнүн башчысынын мал чарбачылык боюнча орун басары болуп иштеген. 1937ж.10-июнда А. «контрреволюциячыл Алаш-Ордо уюмунун катышуучусу» деген жалаа менен камакка алынган. 1938-жылы 5-ноябрда атылган. 1958-жылы СССР жогорку сотунун аскердик коллегиясынын аныктамасы менен толук акталган. 1989-жылы партиялуулугу калыбына келтирилген. 1918-жылы Түркстан АССРи уюшулганда кыргыз элин экиге бөлүшүп, Кыргызстандын түштүгүндөгү кыргыздар Сыр-Дарыя облусуна, башкача айтканда өзбектердин курамына, ал эми түндүк бөлүгүндөгүлөр казактарга бириктирилген. Бул эки облуста тең кыргыздар этностук азчылыкты түзүп, алардын социалдык-экономикалык жана маданий мүдөөлөрү көпчүлүктү түзгөн элдер тарабынан эсепке алынган эмес. Алсак, бул кезде кыргыз тилинде басма сөз иши, мектеп жана башкалар болгон эмес. Анан калса, кыргыздар башка элдерге ургаал ассимиляциялана баштаган.

Ушундай шартта, 1922-жылы ал Э. Арабаев, А. Сыдыков жана башкалар менен бирдикте Кыргыз тоолуу облусун түзүүнү сунуш кылып чыгыппсан. Бирок, россиялык жана түркстандык айрым жетекчилердин улуу державалык-унитардык позициясынан жана кыргыз кызматкерлеринин арасындагы бийлик үчүн болгон жаатташып айыгышкан күрөшүнөн улам өз алдынча облус түзүү орундалбай калган. Бирок, А. жана анын мүдөөлөштөрү бул багытта аракетти токтотпой, акыры ал долбоор ишке ашкан. А. айрыкча Республиканын жетекчилигинде турган 1927—33-жылы Кыргызстандын эл чарбасы менен маданиятын өнүктүрүүдө омоктуу жана көрүнүктүү салым кошкон.

мисалы, 1928-жылы Бишкек - Токмок темир жолун курууну (келечекте аны Балыкчыга жеткизүүнү көздөгөн) 1928-29жылдардагы курулуш планына киргизүүгө жетишкен, Бишкекке эт комбинатын, Кантка кант заводун курдурууну, Чүй өрөөнүндөгү ири ирригациялык маселелерди жана башкалар чечкен. Мурда колониялык эзүүдө жанчылып, өнүгүүсү артта турган аймактын шарттарын эске алуу менен кооперациянын көп түрдүү формаларын жайылггууга жана чыңдоого зор аракет жасаган. Ал Кыргыз АССРинин үч тараптуу көз карандылыгы (Орто Азия, РСФСР, СССРдин органдарына) Кыргызстандын социалдык экономикалык жана маданий жактан ыкчам өнүгүшүнө, кыргыз элинин советтик мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүгө кедергисин тийгизип жатканын аргументтүү далилдер менен баяндап, Кыргыз АССРин союздук республикага айландыруу керектиги жөнүндө Сталинге бир нече жолу кат жазып кайрылган. Кыргыз тилинин маанисин көтөрүүгө, башкаруу жана чарбалык органдар аппаратына жергиликтүү эметрден кадрларды даярдоого жана көтөрүүгө өзгөчө камкордук көргөн. Анын жетекчилиги менен кыргыз тилин окуп үйрөнүү жана аны акырындык менен иш кагаздарына киргизүү, кыргыз тилин билген европалык адистерге жеңилдиктерди киргизүү программасы иштелип чыккан. айыл өкмөт башчысы жана отурукташтыруу боюнча комитеттин төрагасы катары көчмөн жана жарым көчмөн калкты отурукташтырууда албан эмгек сиңирди. Отурукташтыруу көчмөндөрдү ачкачылыктан, турмуш тиричилик ыңгайсыздыгынан, жугуштуу жана башка оорулардан куткарып, калктын санынын көбөйүшүнө жагымдуу шарт түзөрүн айкын билип, ал бул жагдайда зор уюштуруучулук жөндөмүн көрсөттү. Ал ар дайым Республиканын калкынын кызыкчылыгы менен жыргалчылыгы үчүн бүт күчүн, уюштуруучулук талантын үрөп жумшаган, керек болгондо өз тагдырын сайып койгон. Анын 1932-жылдагы ачарчылык учурунда мамлекеттин кол тийгис дан корунун белгилүү өлчөмүн элди аман сактап калуу максатында пайдаланганы партиялык линияны бурмалап бузгандык катары бааланган.

А. өз элинин тарыхын изилдөөчү катары Республиканын тарых илиминин өнүгүшүнүн башатында турат. Анын респнын тарыхы боюнча алгачкы эмгеги 1928-жылы «Кыргызстан» деген ат менен жарык көргөн. Анын 1916-жылкы көтөрүлүш жөнүндө чындык жана акыйкат өңүтүнөн жазылган китеби (аны кийин өтө омоктуу эмгекке айлантып иштеп чыгууну ойлогон), «Күндөлүгүндөгү» арымдуу ойлору жылыб. эми гана элге белгилүү болуп отурат. Ал эми Кыргызстандагы Февраль революциясынын тарыхы жана Тоолуу облусту түзүү аракеттери боюнча эмгектери окурмандарга али жете элек.

1991-жылы анын ишмердүүлүгүнө арналган илимий-теориялык конференция өткорүлгөн. А. дун ысымы менен Ысык-Көл районундагы айыл кеңеши (мурдагы Таштак айыл кеңеши), Бишкек шаарынын бир көчөсү аталган. Туулган айылына эстелик тургузулган.

2016-05-27 715 Биографиялар Жыргалбекова С. 2016-05-27