Кыш келе жатат, көмүр алуудагы кеңештер.
Финансы полициясы - бул Кыргыз Өкмөтүнүн экономикалык кылмыштар менен күрөшүүчү мамлекеттик орган. Финансы полициясынын негизги функциясы: өлкөнүн экономикалык коопсуздугун сактоо, өлкө бюджетин толуктоо, ишкердикти жана жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо.
1993-жылдын 19-февралында заманбап Кыргызстандын финансы полициясынын өнүгүүсүнүн негизин түзгөн "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык инспекциясынын алдындагы атайын салык иликтөө бөлүмүн түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына кол коюлган.
Кыргыз Республикасынын финансы полиция кызматы кылмыштын экономикалык түрү менен күрөшүү, бул тармактагы иш жүргүзгөн мамлекеттик органдардын укуктарын жана милдеттерин жөнгө салуу максатында түзүлгөн, анын ишмердүүлүгү кичине жана орто бизнести укук коргоо органдарынын негизсиз текшерүүлөрүнөн коргоого багытталган. Калыптанышынын экинчи он жылдыгында финансы полициясынын органы укук коргоо ведомство катары олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болду. 2012-жылдан баштап ал экономика тармагындагы кылмыштарды аныктоо, иликтөө, бөгөт коюу боюнча Республикада өз алдынча, жалгыз ыйгарым укук коргоо органы болуп саналат. Бүгүнкү күнү бул ведомство расмий түрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) деп аталат.
Финансы полициясынын мамлекеттин экономикалык коопсуздугун коргоо кызматы болуп экономика жана коррупция тармагындагы кол салууга, салык кылмыштарына, мамлекеттик мүлктү талап-тоноого жана мыйзамсыз товар алып кирүүгө каршы күрөшүү, экономикалык кылмыштарды аныктоо, иликтөө жана бөгөт коюу, анын ичинде пара берүү жана пара талап кылуу менен байланыштуу кызматтык кылмышка, жалган ишкердикке, рейдерликке, кылмыштуулук жолу менен табылган акча каражатынын изин жашырууга каршы күрөшүү болуп саналат.
Финансы полициясынын көп жылдык калыптануусунун натыйжасында 15-укук коргоо орган катары олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болот. Ошого карабастан Кыргыз Республикасынын финансы полициясы көптөгөн кылмыштардын бетин ачкан жана өлкөнүн бюджетине мурда кирбеген кирешелерди киргизген.
2013-жыл 620,4 миллион сом 2014-жыл 1323,7 миллион сом 2015-жыл 1391,1 миллион сом
Эң көп жасалуучу жана өкмөттүн бюджетине ири чыгымдарды алып келүүчү экономикалык кылмыштардын бири - бул салык төлөөдөн качуу, контрабанда, кумар оюндары жана башкалар. Кыргызстанда башка СНГ өлкөлөрүндөй эле коррупциялык абал канаатандыраарлык эмес.
Коррупция - абдан жаман, коркунучтуу жыйынтыкка алып келиши мүмкүн. Кээде пара берүү бирөөнүн өмүрүн кыйышы мүмкүн. (коррупция жөнүндө өзүнчө макаладан окуңуз, шилтеме ылдый жакта).
Финансы полициясы өлкөнүн, ар бир жарандын бакубат жашоосу үчүн бирден-бир маанилүү органдардын бири. Ар жыл сайын бул күнү финансы полициясынын мыкты кызматкерлери мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйланышат.