Орусча-кыргызча котормочулар талап кылынат

Балдар коляскасы эмчектеги баланы абага алып чыгуу жана уктатуу үчүн керек. Баланы сейилдетүүгө алып чыкканда шамалдан, жаандан, кардан, өтө ысып кетүүдөн сактайт. Бийигирээк коляска пайдалануу максатка ылайык, жапызына чаң көп түшөт. Оңой жуула турган жана ным өткөрбөгөн материалдан жасалган, үстү жабылма коляска ыңгайлуу. Б. Шилтеме: атайын жумшак төшөгү менен чыгарылат, эгерде анысы жок болсо өзү тандап, жасап алып, үстүн таза жалаяк менен жаап коюу

36 Медицина 2016-05-20

Мектепке чейинки балдарды жумуш күндөрү күндүз же сутка бою багуучу мамлекеттик мекеме. Б. б. балага кам көрүүнүн бир бөлүгүн өз моюнуна алуу менен аялдарга иштөөгө, окууга, коомдук ишке катышууга мүмкүндүк берет. Мектепке чейинки мекемедеги медициналык-педагогикалык иштер балдардын ар тараптуу өөрчүшүнө шарт түзөт. Б. б. райондук (ата-энесинин жашаган жеринде) жана ведомстволук (ата-энесинин

104 Медицина 2016-05-20

Түрдүү тукум куугучтук, биологиялык социалдык (тарбиялоо, окутуу, айлана чөйрө) факторлордун таасири астында психика ишинин өсүп, татаалданышы. "Баланын психикасы өмүр бою өсүүдө болот. Жаш өзгөчөлүгүнө карата баланын анатомиялык-физиологиялык, психикалык өзгөчөлүгү түрдүүчө болот. Улам бала чоңойгон сайын анын кыймыл-аракети татаалданып, акырындап акылы, ойлоосу, айлана-чөйрөгө болгон мамилеси

102 Медицина 2016-05-20

Бут же омуртка ооруларында же кокустатып алганда басууну жеңилдетүүчү таяк. Б. оорулуу буттан (же омурткадан) күчтү колго өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Б-тын колтукка таянычтуу жана кол менен кармап карууга таянуучу эки түрү болот. Биринчиси ажыратма конструкцияда болуп, оорулуунун боюна жараша өзгөртүүгө болот. Мындай Б. катуу жыгачтан же металлдан жасалат. Ал эки фигуралуу таяктан туруп, колтукка жөлөй турган,

59 Медицина 2016-05-20

Түйүлдүктүн өөрчүү мезгилинде эне менен баланын организмдеринин ортосундагы байланышты жана зат алмашууну ишке ашыра турган орган. Кош бойлуулуктун 3 айынын аяк ченинде түйүлдүктүн түктүү катмары менен жатын капталынын биригип өсүшүнөн пайда болот. Айына жеткен баланын тону жалпак диск сымал бала ордунан, түйүлдүк кабынан жана киндик чылбырынан турат. Б. т. аркылуу киндик чылбыры менен энеден

83 Медицина 2016-05-20