Өзүнүн химиялык составы, даамдуулугу боюнча эт азыктарынан кем калышпайт, ал эми сиңимдүүлүгү андан да өтөт. Жаңы балыкта орто эсеп менен 15—22% белок, 0,2 — 30,8%ке чейин май жана бир аз углевод болот. Балыктын негизги белогу — ихтулин менен коллаген. Ихтулинде кишиге керек бардык алмаштыргыс аминокислоталар бар. Балык майы оңой эрийт жана жакшы сиңет. Ар кандай

Түйүлдүктүн жана баланын өөрчүү (өсүү) мезгилдери. Баланын организминин өөрчүшү курсактагы (бойго бүткөндөн төрөлгөнгө чейин) жана төрөлгөндөн кийинки болуп 2 этапка бөлүнөт. Баланын төрөлгөндөн кийинки этабы шарттуу түрдө 6 мезгилге бөлүнөт: 1) ымыркай (4 жумага чейин), 2) эмчектеги бала (4 жумадан 1 жашка чейин), 3) наристе (1—3 жаш), 4) мектепке

Балдардын нерв системасынын жабыркашы жана эркин кыймылдын жок болушу же чектелиши менен мүнөздөлүүчү оорулар тобу. Б. ц. ш-на баларын бир жашка чейин ар түрдүү менингоэнцефалит менен коштолуучу вирус оорулары (кызамык. грипп жана башка) менен оорушу, эненин кош бойлуу мезгилинде оор жумуш иштеши, кайгыруусу, ичкилик ичүүсү, сүзөк жана котон жара оорулары менен оорушу, ошондой эле кыйын төрөттө баланын мээсине кан ауюлуу себеп болот.

Жалпы билим берүүчү мектептин окуучуларынан ар тараптан өнүккөн жаш спортсмендерди, ошондой эле мектептерде жана пионер уюмдарында физкультурара жана спорт боюнча массалык иштерди жүргүзүүчү коомдук физкультура активдерин даярдоочу мектептен тышкаркы атайын спорттук мекемелер. Мындай мектептер шаарларда, айыл жерлеринде

Эмчектеги баланы аралаш жана жасалма тамактандырууда колдонуучу азыктар (Шилтеме: Эмчектеги баланы тамактандыруу). Аралашма даярдоодо көп учурда уй сүтү, ар кандай акшак, жемиш, мөмө, жашылчалар, эт, куш эти, балык пайдаланылат. Баланы тамактандырууда сүт зор мааниге ээ. Ошондуктан сүт аралашмасы көп колдонулат. Эне сүтү менен уй сүтүнүн