Бут же омуртка ооруларында же кокустатып алганда басууну жеңилдетүүчү таяк. Б. оорулуу буттан (же омурткадан) күчтү колго өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Б-тын колтукка таянычтуу жана кол менен кармап карууга таянуучу эки түрү болот. Биринчиси ажыратма конструкцияда болуп, оорулуунун боюна жараша өзгөртүүгө болот. Мындай Б. катуу жыгачтан же металлдан жасалат. Ал эки фигуралуу таяктан туруп, колтукка жөлөй турган,

193 Медицина 2016-05-20

Түйүлдүктүн өөрчүү мезгилинде эне менен баланын организмдеринин ортосундагы байланышты жана зат алмашууну ишке ашыра турган орган. Кош бойлуулуктун 3 айынын аяк ченинде түйүлдүктүн түктүү катмары менен жатын капталынын биригип өсүшүнөн пайда болот. Айына жеткен баланын тону жалпак диск сымал бала ордунан, түйүлдүк кабынан жана киндик чылбырынан турат. Б. т. аркылуу киндик чылбыры менен энеден

245 Медицина 2016-05-20

Жыныс мүчөсүнүн башынын тери катмары менен ички кабыгынын сезгениши. Б-те жыныс мүчөсүнүн башынын тери катмары жана ички кабыкчасы калыңдап териси түйрүлбөй, кызарып, ириңдеп, жараланат (фимоз). Айрыкча жаш балдарда жыныс мүчөсүнүн башы кычышат, тырмоонун натыйжасында ириңдеп сезгенет. Кант оорусу менен ооруган адамдарда Б. көп жолугат. Фимозго өтүп кеткен Б-те жыныс мүчөсүнүн башы сезгенип,

159 Медицина 2016-05-20

Аарылар тамак продуктусуна айландырган гүл нектары. Бал — азыктык, биологиялык жана дарылык жактан баалуу тамак продуктусу. Анын негизги составдык бөлүгү (69%) — инверсияланган канттан (глюкоза менен фруктозанын аралашмасы) тургандыктан ал оңой сиңет. Азыктык жана биологиялык жакшы касиеттерине карабастан аны ашыкча колдонууга болбойт. Балдын негизги составдык компонентин

169 Медицина 2016-05-20

Бактерия клеткаларын жабыркатуучу, анда көбөйүүчү жана аны эритүүчү (лизис) бактериялардын вирусу. Б. ага өтө сезгич бактериялар бар жерде болот. 1898-ж. орус окумуштуусу Н. Ф. Гамалея бактериялардагы лизис кубулушун 1-жолу байкаган. 1915-ж. англиялык врач Ф. Туорт стафилококк колониясынын (Шилтеме: Бактериялар) өзүнөн өзү эришин байкап, мындай колониянын фильтратында бактерияларды кармап калуучу майда чыпкадан өтүп кете турган, эритүүчү агент болорун аныктаган. Ф. Туорт

302 Медицина 2016-05-20