Скелет сөөктөрүн бириктирүүчү ар кандай формадагы (тасма сымал жана башка) туташтырма ткандуу тарамыш. Аны түзүүчү туташтырма ткандын мүнөзүнө жараша ийилгичтиги, чоюлгучтугу, серпилгичтиги, бышыктыгы ар кандай болот. Бала чакта Б. серпилгич, ийилгич болот, жаш өткөн сайын бул касиеттери азайып, кээде сөөккө айланышы мүмкүн. Б. негизинен муунга жакын жайгашып, муун кабында, анын тегерегинде ар кандай багытта

Спорттук оюн. Б-ду залда же сыртта тегиз аянтчада ойноого болот. Пластмассадан жасалган жеңил канаттуу топ — волан жана ракетка менен ойнолот. Б.— активдүү эс алуунун мыкты каражаты. Ал ден соолукту чыңдайт, чыдамкайлыкты жогорулатат, кыймыл координациясын жакшыртат, шамдагайлыкка көндүрөт жана башка оюндан алган эмоциялык таасир да жакшы натыйжаларды

Бака жалбырак — көп жылдык чөп өсүмдүк. Жер бетинде кеңири таралган. Кыргызстандын бардык жерлеринде кездешип, айрыкча арык жээктеринде, жол бойлорунда, тоо этектеринде, жайытта өсөт. Жалбырагы дарылык касиетке ээ. Андан плантаглюцид дарысы даярдалып, ичеги-карын оорусунда (гастрит, колит жана башка), кургатылган жалбырактардын маңызы жөтөлгө жана жара оорусунда

Лимфа системасынын органы. Ооз көңдөйү менен кулкунда жайгашкан. Ал организмди оорутуучу микроорганизмден коргоого жана иммунитет пайда кылууга катышат. Б. с. б-дин эң ириси — таңдай бездери. Ал оозду чоң ачканда кичине тилдин оң жана сол жагынан көрүнөт. Б. с. б. сүйрү, демейде мала кызыл түстө, үстүңкү бети бүдүрлүү келип, ийри-буйру чуңкур изи (лакуналар) болот.

Анда микробдор көп чогулат, сезгенгенде (Шилтеме: Ангина) аны былжыр челдин

Төрөт үйүнүн же поликлиниканын аялдарга акушер-гинекологиялык жардамды ишке ашыруучу дарылоо-алдын алуу мекемеси. А. Шилтеме: аялдарга боюнда бар мезгилде, төрөттөн кийин жана ар кандай гинекологиялык ооруларда адистештирилген медициналык жардам көрсөтөт. Кош бойлуу аялдын токсикозун (талгагын), балдардын ара төрөлүшүн азайтуу максатында А. Шилтеме: кош бойлууларды мүмкүн болушунча