Арабы килем — килемдин бир түрү. Ал түксүз килем деп аталат. Чеберлер жүл (түк) килемдей эле муну да арбын токууда. Бул түктүү килемден токулуш ыкмасы жагынан кескин айырмаланат. Буга жүн абдан аз чыгымдалып, жиптен таштанды чыкпайт. Таар сымал согулуп, килемдикиндей аркак салынбайт.

Ала кийизАла кийиз (карала кийиз) «Кыргыз кийизге туулга» (макал). «Ала кийиз, төшөк жок, Жерге жатты кайран эл» (Ысак). Түр-оюм түшүрүлүп, уютулуп жасалган кийиз буюм. Алардын толук жердиги жүн болгондуктан элибизде кийиз буюмдары

Алдаяр өрүмүАлдаяр өрүмү — камчы өрүмү, татаал өрүмдүн түрү. (Илгери Ысык-Көлдүн «Чоң өрүктү» дегенинде Алдаяр аттуу адам ат жабдыктарынын чебери чыгат. Айрыкча анын татаал өрүмдөрүнө калк куштарланып, аны «Алдаяр өрүмү» деп аташат). Мында экиден тал көк сегиз кыр болуп түшөт. Бул «калмак өрүмгө» окшойт.

Аламач — шырдактын ортолук оюму (борбордук оюму) менен жээк оюмун (четтик оюмун) бөлүп туруучу түр. Ал көбүнчө ак-карадан, кара-сарыдан берилет. Аны «ала мончок» деп да атайт. Ал «араа тиш оюмдан», «тумарча оюмдан», «ийрек оюмдан», «ит куйрук оюмдан», «бадам оюмунан», «бычак учу оюмдан» ж. б. оюмдардан

АлачыкАлачык — «Кан үйүнүн тардыгы, кара алачыгымдын кеңдиги» (макал). Боз үйдүн бир түрү, жупуну тигилиши. Анда кереге жайылбай, уукту жерге сайып, үзүгү жабылат. Муну «сайма алачык» деп да айтат. Боз үйдүн кичинеси бул алачык түндүк менен ууктан турат. Тактап айтканда, түндүктүн