Тоң районуТоң району - облустун батыш бөлүгүндөгү администрациялык район. 1936-жылы уюшулган (1963-жылы Жети-Өгүз районуна кошулуп, 1965-жылы кайра бөлүнгөн). Түндүк-батышынан Кемин, батышынан Кочкор, түштүк-батышынан Тянь-Шань, чыгышынан, түштүк-чыгышынан Жети-Өгүз райондору менен чектешет, түндүгүнөн Ысык-Көл чулгайт. Аянты 7,1 миң чарчы/чакырым. Калкы 52,2 миң (1993). 7 айыл кеңеши, 1 шаарча кеңеши,