Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Зыкина Людмила Георгиевна

Зыкина Людмила Георгиевна - (10. 6. 1926, Москва -1. 7. 2009, ошол эле жер) орус ырчысы, СССР эл артисти (1973). М. Е. Пятницкий атындагы орус элдик хорунун, 1951-жылдан Бүткүл союздук радионун, 1960-жылдан Москонцерттин солпсти. 1977-ж. Гнесиндер атындагы музпедагогикалык окуу жайын бүткөн. Зыкина белгилүү көп ырлардын (Долуханян, «Рязань мадонналары», Пономаренко, «Оренбург жоолугу», Фрадкин, «Волга агат» ж. б.) чебер аткаруучусу. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда гастролдо болгон. Лениндик (1970), РСФСР мамлекеттик (1983) сыйлыгынын лауреаты. Эки Ленин, Ыйык Андрей Первозванный, «Ата мекенге сиңирген эмгеги үчүн» ордендери менен сыйланган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)