Зыяш Бектенов

Көрүнүктүү тилчи-илимпоз, манастаануучу, педагог, котормочу жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Зыяш Бектенов 1911-жылы Ысык-Көл калаасындагы Түп районуна караштуу Кең-Суу кыштагында айылдык медициналык кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

Атасы Бектен Николайдын заманында үч жыл болуштуктагы старшина болуп иштеген, өз мезгилинин билимдүү, сергек жана боорукер инсаны катары калк арасында медициналык жардам көрсөтүүнү колго алып, дени сак жашоого үгүттөгөн.

Оорунун алдын алуу чараларын кеңири жүргүзгөн.

Зыяш Бектеновдун өмүрү жана чыгармачылык айдыңы абдан татаал, кала берсе аянычтуу болгон.

Ата-энеден эрте ажырап, агасынын колунда тарбияланат.

З. Бектенов 1925-жылы Кең-Суу айлындагы башталгыч мектепти ийгиликтүү аяктап, Пишпекке келип, Борбордук Кыргыз педагогикалык техникумунан билим алууну улантат.

Айтылган техникумду 1930-жылы аяктайт.

Ушул тушта Автономиялуу түзүлүштөгү кыргыз журтчулугунда сабатсыздыкты жоюу мамлекеттик деңгээлдеги күчтүү маселеге айланып, жигердүү жаштар менен ишти колго алууга көмөктөшүп, мектепте мугалим жана мугалимдерди кайра даярдоо курстарында кыргыз тилинен дарс окуйт.

Педтехникумдун бүтүрүүчүсү 1930-жылы Сүлүктү районуна барып, эл агартуу бөлүмүн жетектейт.

Жаш кадр өзүнө тапшырылган тармакты тыкан уюштуруп, окуу-тарбиялоо жумуштарын жаңы заман үлгүсүнө салуу үчүн бардык күчүн, кайратын жумшап, тажрыйба топтой баштаган.

Колхоздоштуруу жүрүп, индустриялаштыруу жана маданият тармагында түп тамырынан өзгөрүү иштери колго алынган мезгилде Зыяш жаштыгына карабай ургаалдуу киришкен.

1931–32-жылдар аралыгында Зыяш Бектенов СССР Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиумунун алдындагы СССР элдеринин Борбордук басмасындагы Кыргыз секция басмасынын башчысынын орун басарынын милдетин аркалайт.

Ишине удаа Москвадагы Чыгыш элдеринин Коммунисттик университетинин даярдоо курстарында сабак берет.

1932-жылы Фрунзеге кайтып келип, Кыргызстан мамлекеттик басмасында окуу-усулдук бөлүмүн башкарат.

Ташым Байжиев менен бирдикте 3–4 класстар үчүн кыргыз тил боюнча тунгуч окуу китебин түзүшөт.

Бул анын илимпоздук багыттагы алгачкы кадамы болгон.

Зыяш Бектенов дал жыйырма беш жаш курагында бүткүл өмүрүн өрдөгөн тилегин ишке ашырып, Кыргыз мамлекеттик педагогика институтунда окуйт.

Анда окуу болочок тилчи-илимпоз үчүн өтө пайдалуу болуп, дүйнөгө таанымал залкар филолог-окумуштуу Е. Д. Поливанов баш болгон окумуштуулардан сабак алат.

1940-жылы институтту ийгиликтүү аяктап, Каракол шаарындагы мугалимдер институтунда кесиби боюнча иштеп, директордун орун басарына чейин көтөрүлөт. Пишпекте мамлекеттик пединститутта окуган мезгилинде эки жылдык мугалимдер институтунда кыргыз тилинен сабак берип жүргөн.

1940-жылдын сентябрында Кырмамбаста ага редактор болуп иштеген жана Кырмампединститутунда кечки бөлүмдө мугалимдик ишин уланткан.

1942-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1946-жылга чейин кызмат өтөгөн.

Түркмөн ССРинин Чаржоу шаарында жөө аскерлердин 2 айлык окуу курсунан окуп, 1942-жылдын аягынан тартып Ирандын Мешхет шаарында 89-курсанттык бригаданын катарында аскер кызматында жүргөн.

Советтик Армиянын катарынан келгенден кийин 1950-жылга чейин СССР Илимдер Академиясынын Кыргыз филиалында тил, адабият жана тарых институнда кенже илимий, ага илимий кызматтарында эмгектенген.

Мындан кийин Зыяш Бектенов КырФАНдын кыргыз фольклору жана «Манас» сектор башчылыгы кызматында иштейт.

1949-жылы кызматын таштабай СССР Илимдер академиясынын кыргыз филиалынын аспирантурасын бүтүрүп, илимдин кандидаттыгын жактоо түйшүгүндө жүргөндө, күтүүсүздөн камалат.

Адамдын тагдырын кол жоолуктай оюнга айландырган тоталитардык бийликтин ага койгон күнөөсү өтө узак, атап айтканда: эл душманы, улутчул, Касым Тыныстанов окуткан кадр, узак жылдар кыргыз тили, адабиятынын окуу программалары менен китептеринин кожоюну-монополист (космополит) катары суроо-сопкутсуз 10 жылга түрмөгө кесилет.

Жалган айып коюлуп жатканын далилдеп Зыяш Бектенов кайрылуучу жерлерге кайрылып, тагдыры таза жолдон тайбаганы, эл-жер үчүн ак-ниет мээнет өтөгөнүн далилдей берет.

Мында СССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы К. Е. Ворошиловго кайрылган арызынан айрым үзүндүлөрдү келтирүү ылайыгы бар: «...Неосновательность этого обвинения бесспорна и ясна из следующего: 1. «Манас» является древним эпосом киргизского народа и записи вариантов которого велись издавна, еще в середине прошлого столетия.

После революции, в период с 1922 по 1926 г. по поручению Туркестанского ЦИКа, специальная научная комиссия записала со слов знаменитого сказателя «Манаса» Сагымбая Орозбакова один из вариантов Манаса. Еще в 1935 году было решено издать «Манас», и Сагымбаевский вариант был утвержден к изданию на объединенном бюро Кир. Обкома и Совнаркома Киргизии, т. е. тогда, когда я только окончил педтехникум и еще не имел никакого отношения к работе над «Манасом».

2. В период 1938–1939 гг. я, учась в пединституте, работал над составлением прозаического сюжета киргизского народного эпоса «Манас» и к 1940г. окончил его, что дало возможность популяризировать этот народный эпос и изучить его в средних и высших учебных заведениях Киргизии.

3. С 1942 года я не работал над «Манасом», так как был призван в ряды Советской Армии, где и прибыл до 1946 года, а когда вернулся в г. Фрунзе, то застал там развернувшуюся работу по юбилейному изданию «Манаса» (к 1000 летнему юбилею) и меня включили в редколлегию по изданию «Манаса» и юбилейный комитет, а работал я научным сотрудником в секторе «Манаса» и фольклора ИЯЛИ.

В работу я вступил, когда план работ и варианты «Манаса» были уже утверждены в ЦК и СНК Киргизской ССР, таким образом, туда «протащить» не мог.

Моя работа происходила в тройке, редактировавшей последнюю часть «Манаса» – «Сейтек», а всего редколлегия состояла из 9 человек разбитых на три тройки по количеству частей поэмы «Манас».

Таким образом, я работал не один, а в научном коллективе и под руководством виднейшей профессуры, причем одновременно к этой работе, в качестве консультантов, были привлечены и академики из г. Ленинграда, а художественные переводы делались в Москве поэтами-переводчиками из Союза Советских писателей.»

Кыскасы З. Бектенов өзүнө коюлган күнөөнү жалган жалаа катары терең негиздеген.

Өлкөдө саясий абал жакшы жагына ооп, күнөөсүз түрмөдө 5 жыл 5 ай отурган Зыяш Бектенов бошонуп чыгат.

Ага берилген №001271 маалымкатта: «1950-жылдын 5-майынан 1955-жылдын 6-октябрына чейин ИИМ кармалган жайларында отурган З. Бектенов СССР Прокуратурасы, СССР ИИМ жана СССР Министрлер Советине караштуу МКК токтому менен РСФСР КЖКнын 204-беренесинин 6-пунктундагы иштин токтотулгандыгы үчүн 1955-жылдын 19-сентябрында бошотулган» деп көрсөтүлгөн.

Эркиндикке чыгары менен өзүнүн көнгөн ишине киришип, 1956–1961-жылдары «Мектеп», «Кыргызстан» басмаканаларында эмгектенип, ага кошумча түрдө Кыргызстан жазуучулар Союзунда келишим менен иштеген, 1961-жылдан эс алууга чыкканга чейин СССРдин 50 жылдык атындагы КМУнун кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методика кафедрасында ага окутуучу-доцент болуп эмгектенген.

1933-жылдан баштап Кыргыз Эл агартуу министрлигинин тапшырмасы боюнча (1933) өз алдынча жана Т. Байжиев менен авторлошуп 3–4-класстын «Эне тилин», У. Абдукаимов, К. Карасаев менен (1946), 4-класстын «Биздин адабият», 1948-49-жылдары Т. Байжиев менен биргелешип орто мектептин 8-классынын «Кыргыз адабияты» (фольклор), Орус мектептеринин 3–4-класстары үчүн «Кыргыз тили» (1959), 5-класстын «Кыргыз адабияты» (1963), 4-класстын «Кыргыз адабияты» (1969) окуу китептерин жазышып жана окуу программаларын түзүшкөн.

Кыргыз тили менен адабиятын окутуунун усулдук колдонмолорун, илимий иштелмелерди жазып, ага байланыштуу макалаларды, талдап-изилдөөлөрдү басма сөздө талыкпай насыйкаттаган.

Окуу китептеринин жабык кароо-сынактарына катышып, байгелерди алууга арзыган.

Бул асыл ишти ал элүү сегиз жыл бою уланткан.

«Манас» эпосуна байланыштуу иштерге жигердүү катышып, аны кара сөзгө айланткан.

Мында улуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун айтымдарын негиз кылып алган З. Бектеновдун бул эмгеги орус тилине которулуп, орус тилдүү окурмандар «Манас» эпосунан толук кабардар болуу мүмкүнчүлүгүнө жетишкен.

Орус тилинен которуу маселесин колго алып өзгөчө драмалык жанрына киришип, Д. Фонвизиндин «Кемпай», Н. Островскийдин «Добул», К. Гольдонинин «Эки мырзанын малайы», Н. Хикметтин «Унутулган адам», Б. Шоунун «Пигмалион» аттуу спектаклдерин которгон.

Бул спектаклдер театр сахнасында коюлуп, театр сүйүүчүлөрүнүн сүймөнчүлүгүнө татыктуу болгон.

З. Бектенов орус адабиятынын классиктери Н. В. Гоголдун эки томдук чыгармалар жыйнагын, А. Фадеевдин «Талкалоо» романын да которуп кыргыз окурмандарына тартуулаган.

Зыяш Бектеновдун беттегенинен кайра тартпаган кашкөй, насили ак-ниет, түз жүргөн, жолунан тайбаган бекемдиги болгон.

Бул болсо анын душмандарын көбөйтүп, түз жерден баратып эле мүдүрүлгөн учурлары бир топ болгонун айгинелейт.

Илимдин кандидаттыгын жактоодо, доцент наамын алууда ал СССРдин жогорку жана атайын орто билим берүү министри Елютинге чейин кайрылган.

Айталык, «Манас» эпосун кара сөзгө айланткан аракети бир топ убара тарттырган.

Социалисттик Эмгектин Баатыры, кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, академик Аалы Токомбаев мындай деп жазган: «Ата Мекендик согуштун алдында «Манас» эпосунун кыскача мазмуну менен мектеп окуучуларын, студенттерди жана жалпы окурмандарды тааныштыруу максатында «Манастын» 1 бөлүгүнүн кыскача сюжетин Зыяш Бектеновго түздүрүп, согуш мезгилинде, мен ИЯЛИде директор болуп турганымда ИЯЛИнин илимий кызматчысы А. Валитова орусчага которгон эле.

Өз учурунда ал сюжет көп ишке жараган: 1. «Манастын» дарбазасын орус окумуштууларына кенен ачкан.

Акад. В. Жирмунский, профессорлор: Бернштам, Берков, Боровков, Абрамзон жана Рахматуллиндер «Манастын» улуу эпос экендиги жөнүндө илимий макалаларды «Манастын» сюжетин окугандан кийин жазышкан.

2. «Манастын» котормочусу Семен Липкин андан пайдаланып, Бектеновго айтпай туруп, «Манас Великодушный» аттуу повесть жазганы үчүн ал А. Фадеевден катуу сөгүш алган.

3. Ал сюжеттен пайдаланып, согуш мезгилинде Калим менен Түгөлбай «Манас жана Алмамбет» аттуу драма да жазышкан.

4. «Манастын» юбилейине даярдык көрүп жаткан мезгилде, Манастын редколлегиясында иштеген редакторлор да ал сюжеттен пайдаланышты эле.

Ал сюжеттин кыргызчасы терилип, орусчасы басмага берилгени жаткан кезде, 1950-жылдагы чатакта басмадан токтолуп калган.

Бул сюжетти бир кезде Зыяш Бектенов түзсө, ал басмадан жарык көрө элек кезде, андан окумуштуулар, котормочулар, жазуучулар жана редакторлор пайдаланышса, эми көзү тирүү иштеп жүргөн Бектеновго бир ооз айтпастан туруп: «Бектеновдун сюжети жарабайт» – деш эч кандай эрежеге сыйбай турган эң орой мамиле деп билем.

Жаңы түзүлгөн сюжетти мен билбеймин».

Ушул маселеде Кыргыз Республикасынын Баатыры, СССР Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, эл жазуучусу, академик Түгөлбай Сыдыкбековдун ою: «Окуу куралдарын түзүүдө, элдик фольклорду талдап жазган макалаларында, орус тилинен кыргызчалаткан көркөм котормолорунда Бектеновдун сөзгө бай, стили так, сүйлөм түзүлүштөрү элпек жазмалары жалпыга түшүнүктүүлүгү эске алынып жана «Манас» эпосун изилдөөдө эмгек сиңирген адабиятчы-педагог болгондуктан, ага өз кезинде Тил-адабият жана Тарых институту тарабынан «Манас» эпосунун маңызын кара сөз менен түзүү иши тапшырылган.

Зыяш Бектеновдун кара сөзгө салган «Манас» эпосунун маңызы жеткилең иштелгендигин ошо өз кезинде эле В. Жирмунский, К. Рахматуллин сыяктуу илимпоздор жана кол жазма менен таанышкан адабиятчылар, жазуучулар бийик баалашты.

Алтургай ушул маңыздын негизинде орус тилинде «Манас Великодушный» – «Айкөл Манас» аталып жазылган китеби болду.

Эмесе жеткилең жаралган эмгек мезгилге карай өз касиетин жойбойт, баркын түшүрбөйт.

Кеп мезгилдин өтүшүндө эмес, кеп ар бир чыгармачылык иштин жеткилең жаралышында.»

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, драматург Мар Байжиев өз оюн мындайча билдирет: «Зыяш Бектенов «Манасты» кара сөз менен жазып чыккан.

Улуу Ата Мекендик согуштан кийин Иран чек арасынан 1946-жылы келет.

Т. Байжиев СССР илимдер академиясынын кыргыз бөлүмүндө «Манас» жана фольклор секторун башкарат.

З. Бектенов илимий кызматкер болуп дайындалат, эпостун 1100-жылдык юбилейине кайрадан даярдыкты жүргүзүп, илимий изилдөөлөрүн улантышат.

Сагымбайдын айтуусу боюнча «Манасты», Саякбайдын «Семетей», «Сейтегин» басмага даярдашат.

Түштүктөн Барпыны алып келишип, чыгармаларын фондуга жаздырышат.

Арстанбек, Калыгул, Жеңижок сыяктуу элден чыккан инсандардын чыгармаларын чогулттуруп, иретке келтиришип, өзүлөрү түзгөн окуу китептерине киргизишет.

1949-жылы З. Бектенов Саякбайды карело-фин элинин «Калевала» эпосунун юбилейине алып барып, «Манастан» үзүндү аткартып, бүт дүйнөдөн келген окумуштууларды таң калтырат».

З. Бектенов ал окуяны бир топ маңыздуу баяндап, өкмөттүк кабыл алууда атайын бөлүп Манас айтуунун уюштурулганын айта келип, Сакеме кайрылган жери: «– Бүгүн арак ууртабай, Манас айтууга даяр болуп отуруңуз.

Көп узартып, Бозтеринин бозоканасында айтып жаткансып, айкыра бербей, мен этектен кармап силккенде, токтоп калыңыз.

Тил түшүнбөгөн элге беш-алты мүнөттөн ашык айтууга болбойт, – дедим.

– Калыбы, ушул жерден эле тура калып айтчудай болуп турам го. Деле өмүрүмдө тике туруп айтып көргөн жок элем.

Эми Кошой, Бакай бабалардын арбагына сыйынып көрөбүз го, – деди Сакем.

Төртүнчү тостту академик Виктор Жирмунский алып: – Кымбаттуу достор! Арабызда кыргыз элинин атактуу манасчысы Саякбай Каралаев катышып отурат.

Ушул тостубузду Саякбай Каралаевдин ден соолугу жана СССР элдеринин достугу үчүн көтөрүп койсок, анан жолдош Каралаев бизге Манас эпосунан үзүндү аткарып берсе – дегенде эл дуу кол чаап жиберди.

Мен отурган элге кайрылып: – Ардактуу достор, азыр сиздерге кыргыз элинин атактуу манасчысы Саякбай Каралаев Тал-Чокуда Алмамбет менен Чубактын жол талашып чатакташкан жеринен үзүндү аткарып берет, – дедим.

Кан кыл деп айттым кимиңди?

Какылдаган Чубак кул, Канын экөөң бир болчу, Сенин кагайынбы жиниңди? Бек кыл деп айттым кимиңди? Безилдеген Чубак кул, Сенин бейжайлыгың билинди... – деп, алаканын шакылдатып, айкырып киргенде, залда отургандардын кыймылы кан буугандай токтолду.

Баш-аягы беш-алты мүнөтчө болгондо, Сакемдин этегинен кармап, эки, үч силкип токтоттум.

Жок.

Туруп аткарганда, алда кандай болот деп бекер сарсанаа болгон экенбиз.

Сакемдин бул жолу тике туруп аткарышы отуруп айткандан ашып түштү.

Алакандар дуулдата чабылып, залдагы элдин бир тобу орундарынан туруп калышты.

Окумуштуу чалдардын бир тобу: В. М. Жирмунский баш болуп, Сакемди кучакташып, бетинен өөп жатышат.»

Илим-билимге кошкон салымы КМУнун окумуштуулар кеңешинин чечими менен бааланып «Ардактуу профессор» деген жогорку наам ыйгарылып, №1 диплому тапшырылган.

1993–94-жылдары кыргыз тилинин илимий жактан өнүгүшүнө кошкон олуттуу салымы, эл арасында кадыр-баркын көтөргөндүгү, мамлекеттик тил Мыйзамын жүзөгө ашырууда зор уюштуруучулук иштерди жүргүзгөндүгү үчүн академик Б. М. Юнусалиев атындагы «Кыргыз тили» коомунун сыйлыгына татыктуу болгон.

З. Бектенов 1966-жылы «Элге билим берүүнүн мыктысы» төш белгисин алган.

1983-жылы 12-февралда Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин Ардак грамотасына арзыйт.

Ошентип, кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири Зияш Бектенов 1994-жылы дүйнөдөн кайткан.

БЕКТЕНОВ З. Замандаштарым жөнүндө эскерүү: Адабий эскерүүлөр. – Б.: Адабият, 1992. – 303 б.,

СААТОВ Ж. Кайран кишилер (ой толгоо)// Эркин Тоо. – 2003. – 25-июль. – №55–56. – Б. 29,

МАМЫРОВ М. Тагдыры кайгылуу окумуштуу // Заман Кыргызстан. – 1999. – 28-май. – Б. 5, 4-июнь.– Б.5,

ИШЕКЕЕВ И. Зыяш агайдын окуу куралы // Мугалим. газ. – 1992. – 20-окт. – №36. – Б. 6.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)