Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Зулпукор күмбөзү

Зулпукор күмбөзү — архитектуралык эстелик. Талас — Суусамыр жолунун боюнда, Кара-Кол суусунун жээгинде, Талас районунун Арал айылынан 1,5 км аралыкта көрүстөнгө жакын дөңсөөгө курулган. Элдик уламыш боюнча Манас баатырдын кош миз кылычы — Зулпукор сынган согушту эскерүү иретинде курулган. Эстеликтин көлөмү сыртынан эсептегенде 6,75X6,5 м, ичи 4,24X4,42 м. Күмбөз чарчы тик бурч формадагы бышкан кирпичтен салынган. Кумпасы сакталган эмес, фасадынын жана интерьеринин алгачкы оюмдары өчүп калган. Стилдик белгилеринин негизинде эстеликтин курулган мезгилин 12кылым—14-кылымдын баш чендери деп айтууга болот. Ошондой кылым мемориал курулмаларынын бир түрү катары кызыгуу туудурат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)