Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Зулпукаров Аманкул

Зулпукаров Аманкул - (21. 6. 1945-ж. туулган, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Саты айылы) экономика илимдеринин доктору (2006), эл чарбасын башкаруу боюнча адис. КМУнун экономика факультетин (1969), Ташкенттеги Жогорку партиялык мектепти (1993) бүткөн. Зулпукаров 1969-94-ж. КРдин Мамлекеттик статистика комитетинде экономист, бөлүм башчы, төраганын орун басары, төрага, 1994-98-ж. Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары, 1998-жылдан ЖАМУда кафедра башчысы, профессор, экономика жана укук институтунун директору, агрардык-экономикалык факультеттин деканы. 50гө жакын илимий эмгеги, анын ичинде 3 монографиясы жарык көргөн. Медалдар менен сыйланган. Эмгектери: Аграрная реформа в Кыргызской Республике. Б., 2000, Социально-экономические проблемы аграрной реформы в Кыргызской Республике. Б., 2003, Формирования и развитие агробизнеса в условиях трансформирующейся экономики. Б., 2003.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)