Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Зоопарк жонундо маалымат

Зоопарк жонундо маалымат - бул ар түрдүү жаныбарлар жашаган парк: кээ бири капаста, башка бирөөлөрү тор менен курчалган аянтчада бош кармалат. Эгер силер эң эски зоопарк - Москва зоопаркына барсаңар өрдөк, каз, ак жана кара куулар сүзгөн байламта көлмөнүн жанына сөзсүз токтойсуңар. Мурда зоопаркта өрдөктөр учуп кетпес үчүн алардын канатын кыркып коюшчу. Кийин окумуштуулар аларга толук эркиндик беришти. Бирок өрдөктөр зоопарктан кышында да учуп кетишкен жок. Жем берип, адамдар коркутпаган жерде ошо бойдон жашап калышты. Азыр зоопарктарда жашап калган эркин өрдөктердү шаарга жакын жердеги башка байламта көлмөлөрдөн, дарыялардан көрүүгө болот.

Өрдөктөр шаңдуу бакылдап үйлөрдүн үстүндө учуп жүрүшөт, ар дайым зоопаркка кайра кайтып келишет. Өрдөктөрдүн маселеси женил. Ал эми арстанды капаста кармаш керек. Капастагы же тосмо аянтчадагы жаныбарлардын камалып жашоого көнүшү үчүн камкордук көрүлөт. Табиятта жаныбарларга ар дайым жем издеп, душмандардан сактанууга туура келет. Зоопаркта болсо жаныбарга керектүү өлчөмдө жем берилет, эч кимден сактануунун зарылдыгы жок. Ошондуктан бул жердеги жапайы каз, аккуу, ал тургай аюу да адамдарга үйүр болуп кетет.

Зоопарк кыргызча айтсак, жаныбарлардын көбүнө экинчи үйү болуп калат. Бирок бардык эле жаныбарлар капас, тосмо аянтчадагы турмушка дароо көнүп кете албайт. Ар бир зоопарктын кызматкерлери андагы жаныбарлар капаста жашоого көнүп, өздөрүн жакшы сезиши жана келген көрүүчүлөргө кубаныч тартуулашы үчүн көп иштерди жасашат. Көрүүчүлөргө кубаныч тартуулоо зоопарктын милдеттеринин бири гана. Адатта зоопарктарда жер жүзүндөгү жоголуп бараткан өтө сейрек жаныбарлар кармалат. Эгерде зоопарктар болбогондо биз сейрек учуроочу айбанаттардын, куш, сойлоочу, жерде-сууда жашоочулардын жана балыктардын көбүн көрбөй калышыбыз мүмкүн эле. Бул жерде сейрек кездешүүчү жаныбарлар илимий негизде изилденип, аларды көбөйтүү ыкмалары иликтелет.

Өтө азайып кеткен булгунду сактап калышты. Окумуштууларга эркиндикте жүргөн жаныбарга караганда зоопарктагы жаныбарды изилдөө алда канча жеңил. Токойдо сүлөөсүн же Уссури жолборсу сыяктуу жаныбарлардын сырларын ачып көр. Ал жерде жолборс менен бетме-бет жолугуу кыйын. Ал эми зоопаркта эң эле сак жана коркунучтуу жаныбарларга да байкоо жүргүзүүгө болот. Ошондуктан зоопаркка барганыңарда ал жалаң гана көңүл ачууга түзүлбөгөнүн, анда окумуштуулар сейрек жаныбарларды сактап калуу үчүн иш жүргүзүп жатышканын сөзсүз эстегиле. Зоопаркты көрүп, силер жаныбарлар тууралуу кызыктуу көп нерселерди билсеңер болот. Зоопарк деген эмне - зоопарк бул жан-жаныбарлардын экинчи үйү десек да болобу балким?

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 4224, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-03-28
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо