Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жыт деген эмне

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Жыт деген эмне

"Жыт деген эмне" - бизди дайыма жыттар курчап турат. гүлдөр, жээкке шапар тепкен толкун, карагайдын тобурчагы, чириген дүмүр, тордогу жанталашкан балык жана бир кесим нандын да жыты бар. Жыт - адам баласын курчап турган дээрлик бардык нерселердин ажырагыс белгиси. Жыты жок тамак-аш супсак, даамсыз. Адам илгертеден бери көптөгөн жыттардын ичинен өзүнө жакканын да, жакпаганын да ажырата билген. Жыттардын айрымдары адамга жагымсыз келсе, айрымдары ага ыракаттануу сезимин пайда кылат. Ошондуктан адам өзүнө жакканын үйүндө сактоого аракеттенет.

Байыркы элдердин көпчүлүгүндө атыр жыттуу чайыр, жыты аңкыган чөптөр менен денесин сүртүү салты болгон. Жыпар жыттуу буюмдарды, азыктарды кудайларга курмандыкка арнашкан. Мындай курмандык үчүн кудайлар күнүмдүк иштерде, ошондой эле согуштук жортуулдарда ийгилик тартуулайт деп ишенишкен. Ал мезгилде жытты көзгө көрүнбөгөн, күч-кубаттуу жин-перилер пайда кылат деп эсептешкен. Андан бери миңдеген жылдар өттү, адам жыттардын булактарын - жыттуу заттарды тапты. Алардын ичинен өтө жакшыларын жана пайдалууларын жасап алууну үйрөндү. Ошону менен бирге жыпар жыттуу заттардын көптөгөн жаңы кесиптери пайда болду. 7 миң жылдан бери белгилүү болгон камфора (тунук жана абдан жыттуу зат) жүрөгү ооругандарга дары, өтө жаңы материалдын - пластмассанын ажырагыс бөлүгү болуп калды. Ладанды (чайыр сымал жыпар жыттуу зат) түтөтүү мөмө-жемиштердин бышып-жетилүүсүн тездетет. "Жыт деген эмне" - жыт бул мурун менен сезүүчү табияттын жыттары десек болот го ыя?

Жыт сезуу такыр эле жагымсыз жыттар да турмушта колдонулуп жатат. Мисалы, Африкада өсүмдүктөр айдалган талааларды бегемоттордон коруу үчүн арстандын жытына окшогон суюктукту пайдаланышат. Өтө жийиркеничтүү жыттанган жыты бар меркаптан деген зат күйүүчү газга кошулат. Болбосо газ өзү анча деле жыттанбайт. Газдын жылжып чыгып жаткандыгы жөнүндө меркаптандын жыты кабар берет. Улам жаңы атыр жыттуу заттар лабораторияларда жаралууда. Аларды композиторлор жаратат. Албетте, музыка жазган композиторлор эмес.

Бирок буларды да композитор деп айтууга болот. Анткени көп сандаган жөнөкөй жыпар жыттуу заттардан татаал кошулмалар - композиция - жагымдуу жыттардын гүлдестеси жаратылат. Бул аңкыган жыпар жыттар искусствонун эң сонун чыгармасы сыяктуу адамга ыракат берет. Жагымдуу жыттар адамдардын көңүлүн көтөрүп, ишке жөндөмдүүлүктөрүн жогорулатат. Жыттын эмне экендигин, биз аны кантип сезе тургандыгыбызды илимпоздор али так аныкташа элек. Алардын айрымдары жыт билүү сезими даам татуу сезимине окшош деп эсептешет.

Башкача айтканда, заттардын эң майда бөлүкчөлөрү мурун көңдөйүнүн былжырдуу ички кабыгына тийгенде биз жытты сезет экенбиз. Башка бирөөлөрү жыт заттардын бөлүкчөлөрүнүн формасына байланыштуу болот деп болжолдошот. Адамдын мурун көңдөйүнүн нервдеринин учтарында ар түрдүү формадагы чуңкурчалар бар. Конус өңдүү чуңкурчага конус сыяктуу бөлүкчө тийгенде биз бир жытты сезсек, сүйрү чуңкурчага сүйрү бөлүкчө тийгенде башка жытты сезебиз. Болок жыттар да ушул сыяктуу тартипте сезилет. Кээ бир окумуштуулар жытты радио толкундарга окшогон кандайдыр бир толкундар деп эсептешет. Бирок, жыт эмне? деген суроо азыркы убакытка чейин бүдөмүк бойдон калууда. "Жыт деген эмне" же "Жыт сезуу" аттуу макалабыз ушундай достор.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1764, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-03-28
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу