Жыргалаң суусу

Жыргалаң – Ак суу ооданындагы суу. Тескей Ала-Тоонун түндүк капталынан башталып, Ысык-Көлдүн чыгыш тарабындагы аты окшош булуңга куят. Узундугу 97км, алабынын аянты 2070чарчы/чакырым. Жогорку жагы кууш капчыгай аркылуу субмеридиан багытта, төмөнкү бөлүгү кеңдик багытта агат. Ири куймалары: Терим Төр-Булак, Түргөн Аксуу, Боз учук, Ичке жергез, Ак суу (Арашан). Мындан башка 50дөн ашык майда куймалары бар. Алабында жалпы аянты 1,54чарчы/чакырым келген 42 көл жатат. Жылдык орточо чыгымы 22,5м/сек, эң көбү 104 м3/сек, эң азы 7,12м3/сек. Апрельде кире баштап, августтун аягында тартылат. Сугатка кеңири пайдаланылат. Алабында Ак суу жана Жыргалаң курорттору жайгашкан. Боюнда Жыргалаң шаарчасы, Совет, Токтогул (Зындан), Акчий, Раздольный, Шапак Отрадный, Чоң Жергез, Чолок, Кара жал, Тепке кыш орун алган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)