Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Жыргалаң өрөөнү

Жыргалаң өрөөнү - Ысык-Көл ойдуңунун түндүк-чыгыш, чыгыш уландысы. Жыргалаң суусунун алабында. Ак-Суу, Түп райондорунун аймагында. Аянты 1150 чарчы/чакырым, узундугу. 120 км, туурасы 0,51,5 км. Эң бийик жери 3800-4400 м, эң жапыз жери 1608-1800 м. Тескей Ала-Тоонун түндүк-чыгыш капталынан капчыгай сымал башталат. Баш жагында субмеридиан багытында жаткан тепши сымал өрөөн, төмөнкү бөлүгү кеңдик багытында, кенен, негизинен неогендин кум, чопо тектери менен капталган. Өрөөн ичинде 6-7 тектир бар, Ак-Булактан баштап таманы саздуу. Жылдык орточо температурасы 5-6°С, январдыкы -7°С, июлдуку 16,6°С. Жылдык жаан-чачыны 400-800 мм. Кара жана тоо-токой топурактуу, тоолуу бөлүгүндө тулаң, карагай, бадал, субальп өсүмдүктөрү өсөт, андан жогору субнивалдык ландшафт мүнөздүү. Өрөөндүн түзөң жерлеринде эгин, жашылча эгилип, мөмө бактары өстүрүлөт. Суулары балыкка бай. Жыргалаң суусунун тоодон чыга бериш жеринде таш көмүр казылып алынат (к. Жыргалаң көмур кени). Көп жери жайыт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)