Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Жыргалаң көмүр кени

Жыргалаң көмүр кени Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда, Каркыра, Түп жана Жыргалаң сууларынын алаптарында. Кен 1914-жылдан белгилүү. 1930-жылдан жер астынан казылат. Акыркы геол. чалгындоо иши 1982–85-жылдары жүргүзүлгөн. Көмүр төмөнкү юранын жыргалаң, ортоңку юранын көкбел свиталары менен байланышкан. Бардыгы 10 кабатка, кабатчаларга, линзаларга бөлүнгөн. Алардын ичинен 2 кабат (1 жана 5) өнөр жайлык мааниге ээ, 2 кабат (3 жана II) линза түрүндө болуп өнөр жайлык мааниси төмөн. Кендин негизгиси 5 кабат. Анын калындыгы 0,10 мден 16,80 мге чейин өзгөрөт. Сапаты боюнча Жыргалаңдын көмүрү Д маркасына таандык. Көмүрдүн орточо күлдүүлүгү 11,61–12,07%, орточо күйүү жылуулугу 31,6–31,7 МДж/кг (7549–7573 ккал/кг) түзөт. 1997-жылга карата баланстагы запасы (В+С1 категориясы боюнча ) – 13987 миң т.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)