Жыргалаң гипс кени

Жыргалаң гипс кени Ысык-Көл облусунун Түп районунда, Жыргалаң айлынан 75 км түндүктө, Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы Экичат суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 2500 м бийиктикте. 1947-ж. Кыргыз ССР геология башкармасы тарабынан геол. съемка жургүзүүдө табылган. 1950-ж. «Средазгеолнеруд» трести геол. чалгындоо жумуштарын жүргүзүп, запасын эсептеген. Кен аймагында Таш-Көмүр мезгилинде пайда болгон каралжын боз түстөгү акиташ, сланец, кумдук, гипс жана мергель тоотектери жатат. Гипстин пайдалуу катмарлары линза сымал кабат түрүндө антиклиналдык бүктөлүүнүн түндүк капталында. Гипс нык келип, каралжын, боз, агыш боз, ак түстөрдө, карбонат чополуу заттар менен бир аз булганган. Көлөмдүк салмагы өчүрө электе 1,24, өчүргөндөн кийин 0,984. Технологиялык касиеттери жана химиялык курамы боюнча кендеги гипс 2-сорттогу курулуш гипсине кирет. Аны портланд-цемент чыгарууда кошумча жана жер семирткич катары колдонууга болот. Жалпы запасы 1609 миң т.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)