Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Жыргалаң баткак кени

'Жыргалаң баткак кени – Ысык-Көл облусундагы дарылык касиети бар баткак жаткан жер. Ак-Суу районунда, Каракол шаарынан 12–15 км түндүк тарапта, Жыргалаң суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1610 м бийиктикте. 1966-ж. табылган. Кен аймагы байыркы көл чөкмөлөрүнөн түзүлгөн. Чөкмөнүн үстүндө жайылманын кумдуу чопосу менен куму (калыңдыгы 0,5–1,5 м), анын астында дарылык касиети бар кара, каралжын боз түстөгү илээшкек баткак жатат. Ал бир аз күкүртүү суутек жыттанат. Баткактын орточо калыңдыгы 6,5 м. Аз минералдашкан (1,4–1,7 г/л), нымдуулугу 34%, салыштырма салмагы 1,6–1,65 г/см3. Микроэлементерге бай. Коллоиддик комплекс 10–11%. Аянты 99 миң м2, запасы 700 миң т. Жыргалаң курортунда пайдаланылат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)