Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Жыныстык бузулуулар

Жыныстык бузулуулар, перверециялар жыныстык каалоонун багытталышынын аны канааттандыруу жолдорунун оорулуу бузулушу. Мында жыныстык кумарлануу ылайык келбеген объектиге багытталат: эркектердин эркектерге (гомосексуалдуулук), аялдардын аялдарга (лесбий сүйүүсү), жаш балдарга (педофилия), жакын туугандарына (инцестофилия), жаныбарларга (зоофилия), өлүктөргө (некрофилия). Жыныстык бзулуулар кээде ошол адамдын жыныстык козголуусун пайда кылуучу буюмдарга кызыгуу (фетишизм) түрүндө байкалат. Мисалы, бөлөк жыныстагы кишинин кийимин кийүү (трансвестизм), башка жыныстагы кишинин алдында жылаңачтануу, ошондой эле эркектердин аялдын чачына, бет аарчысына, бут кийимине жана башка кызыгуусу. Жыныстык канааттануу өнөгүнө катуу, орой мамиле жасоо (садизм) же денесин оорутуу, ындынын өчүрүү менен да өтөт. Айрым окумуштуулар гомосексуалдуулукту, трансвестизмди тубаса оору деп эсептешет. Жыныстык бузулуулардын пайда болушуна кээ бир нерв жана психикалык оорулар (мисалы, энцефалит, мээнин жабыркашы, шизофрения), эндокриндик жана башка бузулуулар себеп болушу мүмкүн. Дарылоо аны пайда кылган себебине карата жүргүзүлөт. Психотерапия, гормон дарылары, нейролептиктер колдонулат. Алдын алууда жыныстык тарбияны туура жүргүзүүнүн мааниси чоң.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)