Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Жыныс мүчөлөрү

Жыныс мүчөлөрү — көбөйүү кызматын аткаруучу мүчөлөр. Алар ички жана сырткы болуп бөлүнөт. Ички жыныс органынын эң башкы кызматы активдүү жыныс гормондорун бөлүп чыгаруу, ал гормондор түздөн-түз канга өтүп, организмдеги эң маанилүү процесстерди башкарып, эркек же аялга таандык болгон жыныстык экинчи белгилердин (үндүн жооноюшу, эмчек бездеринин өсүшү жана башка) өсүшүн жөнгө салат. Эркектин жыныс органына эн бези, анын кошумчалары, урук агуучу жолдор, урук ыйлаакчасы, простата бези, жыныс мүчөсү, заара чыгаруучу жол кирет. Эн бези — эркектик жуп жыныс бези. Тирүү жыныс клеткалары — сперматозоидди жана эркектик жыныс гормонун бөлүп чыгарат. Бул гормон түздөн түз канга кошулуп, организмдин бир катар функциясына таасир тийгизет. Түйүлдүк учурунда эн бези ич көңдөйүндө жогорку 2-бел омурткасынын тушунда пайда болот. Төрөлөрдө туруктуу орду — калтага түшөт. Эн бези агыш түстүү тыгыз кабыкча менен капталат. Бул кабыкча эн безинин арт жагында калыңданат да, тарам-тарам фиброздуу тосмо пайда болуп, эн безинин затын бир нече бөлүкчөгө бөлөт. Эн безинин заты же паренхимасы урук каналчаларынан (түз жана ийри) турат. Ар бир бөлүкчөдө 3—4төн ийри каналчалар болот. Сперма ийри каналчаларда бөлүнүп чыгат, ал эми калган каналчалар сперманы алып чыгуучу жол болуп эсептелет. Бардык каналчалар эн безинин кошумчаларынын жалгыз түтүгүнө келип биригет, андан урук чыгаруучу жол уланат. Урук жолу урук чылбырына биригип, чурай каналы аркылуу өтөт. Урук жолу урук ыйлаакчасынын түтүгү менен кошулуп урукту таштоочу түтүктү түзөт. Урук ыйлаакчасы урук жолунун капталында, табарсыктын түбү менен көтөн чучуктун ортосунда жайгашып, секрет бөлүп чыгарат, ал секрет эн безинин секрети менен кошулуп, жыныс клеткаларынын (сперматозоиддин) кыймылына таасир тийгизет. Урук таштоочу түтүк простата бези аркылуу өтөт. Простата бези эркектин заара чыгаруучу каналын курчап турат. Анын бездүү бөлүгү секрет иштеп чыгарат. Секрет спермага кошулуп, анын активдүүлүгүн сактоого жардам берет. Простатанын булчуң бөлүгү заара чыгаруучу жолдогу сперма же зааранын агуу ырааттуулугун жөнгө салат, натыйжада заара менен сперма аралашпайт. Жыныс мүчөсү жана калта эркектин сырткы Ж. ошондой болуп эсептелет. Эркектин жыныс мүчөсү жыныстык катнашуу учурунда урукту бөлүү жана табарсыктан заараны чыгаруу кызматын аткарат. Жыныс мүчөсүнүн баш жагында заара чыгаруучу жолдун сырткы тешикчеси жайгашкан. Аялд ын Ж. она энелик без, жатын, жатын түтүкчөсү, жатын кыны, чаткаяк, чоң жана кичине жыныс эрини кирет. Энелик без — жатындын эки жагында жайгашкан ургаачылык жуп жыныс бези. Өзүнүн байламтасы менен жатынга кыймылдуу бекип турат. Энелик безде ургаачылык жыныс клетка — энелик клетка өөрчүйт. Мындан башка . Ж. о-нын нормалдуу иштешине жана экинчилик жыныс белгилерине (үндүн өзгөрүшү, эмчектин чыгышы жана башка) таасир этүүчү гормонду канга бөлүп чыгарат. Энелик бездин иши аялдын жашына жана бүтүндөй организмдин функциялык абалына жараша болот. Энелик без өзгөчө эпителий менен капталган. Безди жара кескенде грааф ыйлаакчасы (фолликула) көрүнөт, анда жыныс клеткалары жатат. Фолликула өөрчүү стадиясына жараша ар кандай көлөмдө болот. Өөрчүп жетилген фолликула жарылып (овуляция), жыныс клеткалары ич көңдөйүнө түшөт, андан жатын түтүгүнө келип жатынга жеткирилет. Ал жатында уруктангандан кийин, түйүлдүк 9 айга чейин жетилип чоңоёт. Жатын түтүкчөлөрү энелик бези сыяктуу эле жатындын эки жагында жайгашкан. Жатын түтүкчөлөрү ич челинин бүктөмүнөн орун алып, жатындын жазы байламтасынын жогорку четин түзүп турат. Оң түтүкчө демейде солго караганда узунураак. Эгерде уруктанган энелик клетка жатын түтүгүндө токтоп калса (мисалы, сезгенгенде), жатындан сырткары бойго бүтөт. Жатын түтүгү түйүлдүктүн чоңоюшуна ылайыкталган эмес, ошондуктан ал жарылып кетиши мүмкүн. Жатын — түгөйсүз, булчуңдуу көңдөй мүчө (к. Жатын). Жатын кыны — түтүк сымал булчуңдуу, уз. 7—9 см болгон көңдөй орган. Анын капталы үч катмардан турат. Аялдын сырткы Ж. о-на (вульвага) териси жүн менен капталган чоң жана кичине жыныс эрини кирет. Жыныс органдарынын оорулары жана жабыркашы. Эркектерде, ошондой эле аялдарда Ж. о-нын өөрчүү кемтиги, туура эмес жайгашышы, сезгенүү жана шишик оорулары кезигет. Өөрчүү кемтиги аз жолугат, ага органдын көлөмүнүн чоң же кичине болушу же өсүп жетилбей калышы кирет. Ж. о-нын кемтигине кош бойлуулуктун алгачкы мезгилинде эненин жугуштуу жана вирус оорулары менен оорушу уулануусу, нурга чалдыгуу жана башка себеп болот. Ошондуктан анын алдын «алуу үчүн кош бойлуу аял жугуштуу оорудан сактануусу зарыл, грипп эпидемиясынын убагында эл көп чогулган жерлерге (кино, театрга) барууга болбойт, алгачкы 3 айында (өтө зарыл болбосо) рентген изилдөөдөн өтүүгө, дарыны врачтын көрсөтмөсү жок баш аламан ичүүгө жарабайт, эмгек жана эс алуу күн тартибин туура сактоо керек» Кээ бир учурда бир эле кишиде ургаачылык жана эркектик белгилер болушу мүмкүн. Бул гермафродитизм (кыз теке) деп аталат. Ж. о-нын өтө оор кемтиктеринде балалуу боло албайт, жеңил түрүндө жыныстык катнашуу, заара ушатуу бузулат, сезгенүү жана башка ооруларга жакын болот. Эркектин Ж. о-нын сезгенүү оорулары инфекциялуу же мите оорулары болуп, вирус, бактерия, козу карындар, гельминттер, жөнөкөйлөр козгойт. Жыныс мүчөсүнүн сезгенүүсүнөн баланит, баланопостит көп кезигет. Ж. о-нын сезгенүүсүн киши организминдеги ичеги таякчасы, протей, энтерококк жана башка козгойт. Жалпы организм начарлаганда инфекция заара-жыныс жолунун лимфа тамырлары менен тарап, уретраны (к. Уретрит), простата безин (к. Простатит), урук ыйлаакчасын (везикулит), урук түтүгүн, эн безин жана кошумчаларын жабыркатат. Жыныстык жол менен жугуучу трихомоноз көп жолугат. Бир катар инфекциялуу оорулар — эпидемиялык паротит, бруцеллёз, келте, туляремия, туберкулёз, грипп, вирустуу гепатит көп учурда эн безинин (к. Орхит) же анын кошумчаларынын сезгенүүсү (к. Эпидидимит) менен коштолот. Венера оорулары өзгөчө топту түзөт (к. Сүзөк, Котон жара). Эркектин Ж. о-нын шишигинен зыянсыз шишик — простата безинин аденомасы көп кезигет. Простата безинин рак оорусу салыштырмалуу аз жолугат. Заара чыгаруучу каналдын (уретранын) зыянсыз шишигинен кандилома (вирустуу папиллома) көбүрөөк, полип жана аденома сейрек учурайт. Эн безинин коркунучтуу шишиги көп кезигип, жаштар жабыркайт. Бул учурда шишик жыныс гормондорун иштеп чыгарып, балдардын жыныстык жактан эрте жетилишине алып келет. Ж. о-нын ооруларынын ичинен эн безинин буралып калышы тезинен врачка кайрылууну талап кылат. Мында кан айлануу бузулат, калта ооруйт жана шишийт, жүрөгү айланат, кусат, эстен танат. Эркектин Ж. о-нын ооруларын алдын алууда өздүк гигиенаны жана жыныстык турмуш гигиенасын сактоо, сырткы Ж. о-н күндө жууп туруу керек. Аялдардын Ж. о-нын кемтигине анатом. түзүлүшүнүн бузулушу (жатын кыны, жатындын жоктугу же экиден болуп калышы жана башка), толук жетилбей калышы — инфантилизм кирет. Айрым кемтиктерде, мисалы, жатындын, жатын кынынын экиден болуп калышында анын функциясы бузулбайт (этек кир убагында эле келет, аялдардын боюна болуп, төрөй алышат). Бирок кээ бир учурда боюнан түшүп калышы же төрөтү кыйын болушу мүмкүн. Ошондуктан кош бойлуу аялдар дайыма врачтын көзөмөлүндө болуулары тийиш. Жатын кыны жок болгондо этек кир келбейт. Аны хирургиялык жол менен дарылайт. Ж. о-нын туура эмес жайгашуусуна, айрыкча жатындын алдын жана артын көздөй кайрылып калуусуна жатындын жана кичине жамбаш чарасынын булчуңдарынын тонусунун начарлашы, ошондой эле ички жыныс органдарынын сезгенүү оорулары түрткү болот. Мындай жабыркоолорду алдын алууда Ж. о-нын сезгенүү ооруларын туура дарылоо, өз убагы менен заара кылуу, гимнастика жасоонун мааниси чоң. Оору козгоочу микроорганизмдер жыныс жолуна түшкөндө сезгенүү оорулары болот. Тигил же бул Ж. о-нын сезгенишине жараша төмөнкүчө айырмаланат: жатын кошумчаларынын сезгенүүсү — аднексит, жатындын сезгениши метроэндометрий, жатын моюнчасыныкы — цервицит, ошондой эле жатын моюнчасынын эрозиясы, жатын кынынын сезгенүүсү — колыгит, сырткы жыныс органынын сезгенүүсү — вульвовагинит жана башка Оору пайда кылуучу микроорганизмдер жыныс жолуна өздүк гигиенаны жана жыныстык турмуш гигиенасын сактабаганда, кокустан болгон жыныстык катнашууда жугат, бул байланыш андан башка трихомоноз, сүзөк жана котон жара менен ооруп калуу коркунучун туудурат. Аялдардын Ж. о-нын зыяндуу жана зыянсыз шишиктери, көбүнчө жатын жана энелик безде болот. Зыянсыз шишиктерден жатын миомасы (фибромиома) жана энелик бездин кистасы көп кезигет. Бул учурда этек кир цикли бузулат, шишик чоңоюп кеткенде жакын жаткан органдарды кысып, бат-бат заара кылууга, ичтин катышына алып келет. Анча чоң эмес миомада аялдардын боюна бүтөт, бирок боюнан түшүп калышы, айына жетсе кыйналып төрөшү, төрөгөндөн кийин кан кетиши мүмкүн. Энелик бездин кистасы эч билинбей жүрө берип, гинекологиялык изилдөөдө гана байкалат. Кээ бир учурда кистанын буралып калышы мүмкүн. Мында ичтин төмөн жагы катуу ооруйт, жүрөгү айланат, кээде денеси ысыйт. Мындай оорулууну тезинен ооруканага жаткырып, хирургиялык дарылоо жүргүзүлөт. Зыяндуу шишик (жатындын жана энелик бездин рагы) көбүнчө климактерий же ага жакындап калган мезгилде болот. Шишик оорусун өз убагында эрте таап, дарылануу үчүн жылына 2 жолу врач-гинекологго кайрылып, текшерилип туруш керек (к. Медициналык кароо).

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)