Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Жылкы байыркы кыргыздын тарыхында

Жылкы байыркы кыргыздын тарыхында Коло доорунан тартып жылкы кыргыз элинин турмушунда орчундуу орунду ээлеген. Алгач жапайы жылкы тамак, азык катары колдонулган. Б. з. ч. 3-миң жылдыктан жылкы колго үйрөтүлүп мингич, унаа катары колдонулушун коло дооруна тиешелүү Саймалыташ, Алайдагы Тергенташ аска бетине тартылган сүрөттөр далилдейт.

Коло доорунда жылкынын бою кыска, чыдамдуу, буттары ичке, башы кичине, моюну узун болгон. Биздин замандын башында Дабан мамлекетинин жылкылары жогору бааланган. Кытайлар Дабандын борбору, Эршинин аттарын алууга куштар болушкан. Ошол себептүү б. з. ч. 104, 99-ж. кытай аскерлери Дабанга кол салган. Аравандагы Дулдулата мазарындагы аска бетине тартылган сымбаттуу жылкы профессор А. Н. Бернштамдын пикиринде Эрши жылкысына кирет.

6-кылымдан Евразиянын тоолуу, талаалуу тилкесинде Улуу көч доорунун улантуучуларынын эстеликтери тарай баштайт. Адамдын жылкы менен көмүлгөн көрүстөндөрү, маркумга арнап орноткон балбал таштары, байыркы түркий руна жазуулары жана аска бетине тартылган атчан жоокерлердин сүрөттөрү ушул доордун мүнөздүү эстеликтери болуп саналат. Айрым көрүстөндөрдө жоокердин, аял кишинин жана баланын жанында ээр токумдуу жылкы сөөгү кездешет. Айрымдарынын жанында жылкы жок. Балким, коомдун кээбир мүчөлөрү жылкыны кошо көмүүгө чамасы келбесе керек.

Жылкынын кошо көмүлүшү тиги дүйнөдө маркумга кызмат кылуу ишенимине байланыштуу. Байыркы түркий калктарынын чарбалык, согуштук турмушундагы жылкынын жогорку ролу алардын руханий дүйнөсүнө таасирин тийгизген. Жылкы менен байланышкан ырым-жырымдар Саян-Алтай, Орто Азия калкында кеңири учурайт.

Атчан жоокер келбети байыркы түркий калктарынан калган археологиясында, таш бетине тартылган эстеликтеринде - Енисейдин Сулек деген жериндеги, Кочкордогу Көкса Бөйрөкбулактан табылган жоокерлердин көлөмдүү сүрөттөрү көп кездешет. "Манас" эпосунда жана бөлөк кенже эпостордо жоокер менен анын атынын ортосундагы үзгүлтүксүз байланыштар кенен чагылдырылат. С. Орозбаковдун айтуусунда 129 тулпардын аттары аталып, бир канча тулпардын сын-сыпаты жоокердин образы менен бирдей даражада сүрөттөлөт. 13-14-кылымдагы көрүстөндөрдө жылкы көмүлбөсө да, ордуна ат жабдыктары(ээр, үзөңгү, жүгөн, ооздук, басмайылдын тогосу)коюлган. Мүрзөлөрдөгү эстеликтерге маркумдун жылкысынын куйругун илип коюу сакталган. Адам каза болгондо жылкы союу байыркы салттарга тыгыз байланыштуу.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)