Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Жылдыздар

Жылдыздар - табияты боюнча Күнгө окшош, ысык газдан турган жарык чыгаруучу асман нерселери. Алар Ааламдагы негизги объект, көрүнгөн асман телолорунун 90% ин түзөт. Жылдыздар бизден өтө алыс турат, бизге эң жакын жылдыз Күн. Эгерде жылдыздарга чейинки аралык жүздөгөн парсек болсо, анда алардын параллакстык жылышуулары байкалбайт жана аралык жылдыз спектрлерин талдоо менен аныкталат. Күн системасына эң жакын жылдыз Центавр Проксимасы, ал бизден 1,3 пс аралыкта турат. Жылдыздар. массасы, өлчөмү, тыгыздыгы, жарык чыгаруу суу жана химия. Курамы боюнча айырмаланат. Жылдыздардын массасын аныктоо үчүн, алардын кыймылы изилденет. Жалпы масса борборунун айланасында кыймылдап, алар өз ара тартылышат жана алардын массасы буткул дуйнөлүк тартылуу законунун негизинде аныкталат. Жылдыз массасы көбүнчө күн массасы (2 1030 кг) менен туюнтулат. Дээрлик бардык жылдыздардын массасы 0,1-100 күн массасына барабар. Жылдыздардын өлчөмү оптикалык интерферометрдин жардамы же теориялык эсептөө жолу менен аныкталат. Бизге көрүнгөн жылдыздардын көбүнүн өлчөмү жүз миңдеген же миллиондогон кмди түзөт, мисалы, Күн диаметри 1 392 000 км. Бирок диаметри 10-20 км болгон эң кичинекей (ак кидиктер)жанакенедей (нейтрондук) Жылдыздар. да болот. Күндөн көп эсе чоң Жылдыздар алп жылдыздар (Бетельгейзе, Арктур, Антарес)жана сейрек кезигүүчү кызыл алптар да бар. Эгер булар Күндүн ордунда болсо, анда Марс менен Юпитердин орбиталары да ичинде калмак. Жылдыздардын массасына караганда өлчөмү боюнча айырмачылык өтө чоң болгондуктан, кичине Жылдыздардын тыгыздыгы чоңдукунан көп. Күндүн орточо тыгыздыгы суунукунан 1,4 эсе чоң, ал эми Сириус В жылдызынын 1 см3нун массасы 50 кгдан чоң, ак кидиктер андан тыгыз. Бирок нейтрондук жылдыздардын тыгыздыгы өтө чоң, башкача айтканда 1014 г/см3. Жылдыздар өлчөмүнөн да жарыктанышы боюнча көп айырмаланат. Күндүн жарыктанышы (3,8x1026 Вт) менен туюнтулат. Көпчүлүк жылдыздардын жарыктанышы Күндүн жарыктанышынын 0,001-106 бөлүтүн түзөт. Жылдыздардын химиялык курамы алардын спектрлери аркылуу аныкталат. Жылдыздар Жердеги эле элементтерден турары белгилүү. Дээрлик бардык жылдыздардын массасынын 98%ин суутек менен гелий түзөт, мындагы суутектин массасы гелийдикинен 2,7 эсе чоң. Жылдыздар физикалык касиеттери боюнча үч топко бөлүнөт: нормалдуу, ак кидиктер жана нейтрондук жылдыздар. Нормалдуу жылдыздарга куралсыз көз же телескоп менен байкалган жылдыздар кирет. Алар идеалдык газдардан турат. Тыгыздыгы өтө чоң жылдыздар идеалдык газ законуна баш ийбейт жана ал бузулган газ деп аталат. Ушундай газдан ак кидиктер жана кээ бир алп жылдыздардын ядросу куралат. 20-кылымдын ортосунан баштап жылдыздарды изилдөө үчүн спектроскоп менен фотографиялык ыкма колдонулган, 20-кылымдын 20-жылдарынан баштап атом физикасынын ыкмасы, андан кийин ЭЭМди колдонуу жылдыздар жөнүндөгү илимди түп-тамырынан бери өзгөрттү. Азыркы учурда кош жылдыздар, өзгөрмө жылдыздар, жаңы жылдыздар, өтө жаңы жылдыздар, пульсарлар, кара көңдөй, жылдыз ассоциациялары жөнүндөгү түшүнүктөр өнүгүүдө. Жылдыздарды үйрөнүүдө математика, механика, асман механикасы, физика, химия жана башка илимдердин ыкмалары колдонулат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)