Жыл мезгилдери жөнүндө

Жыл мезгилдери - кыш, жаз, жай, күз болуп, төрткө бөлүнгөнү менен жыл мезгилдери өз ара бир топ бөлүкчөлөрдөн болорун өткөн ата бабалар өзгөчө такташкан. Ар жыл сайын 13-декабрда токсон күнгө созулган токсон мезгили башталат. Ар жыл сайын 22-декабрь эң кыска күн болсо, 22-июнда эң кыска түн болот. 8-январда 40 күнгө созулган кыш чилде башталса, 8-июлда 40 күнгө созулган чай чилде башталат.

18-августта жай чилде мезгили аяктайт. Кыш чилденин жан жөкөрлөрү: 40 күнгө созулган кыш чилденин алты жан жөкөрү болот. Кыш чилдесинин алты жан-жөөкөрүнүн бирин кыргыздар Кырдач деп атап калышкан. Кыш чилдеси өзүнүн биринчи жан-жөөкөрү Кырдачка катуу талап коюп, төмөнкү ыр саптары менен кайрылып семиздин майын алам, арыктын шайын алам, - дейт имиш.

Жаным Кырдач камчыдан,

Кайрат кылып алчудан.

Мал майлуу калды,

Баарысы жайлуу калды.

Бука булкунуп калды,

Бура жулкунуп калды.

Төө комдуу калды,

Кой жүндүү калды.

Жылкы жайылбай калды,

Чыңырыгы тыйылбай калды.

Тоолуу райондордо кыш мезгили ноябрь айында эле башталып калат, 40 күндүк кыш чилдесине чейин эле башкача айтканда, 8-январга чейин төрт түлүк мал алда канча арыктап калат. Кыш чилдесинин экинчи жан жөөкөрү Адынын алты уулу делет, 14-20-январга чейин жүрөт. Орустардын Крещенские морозы деген улуу күнү мына ушул 19-январга туш келет.

Муну чечмелегенде 19-январь күнү бир идишке суу куюп койсо бир жыл бою сапатын бузбай сакталат экен. 20-январь менен 26-январь күндөрүндөгү жети күндү Жединин жети уулу - деп атап калышкан. Кыш чилдесинин ызгардуу суук күндөрү күчүндө болуп, бул күндөрү суук басаңдабайт. 27-январды кыш чилдесинин Каңтар мезгили дешет, муну чечмелегенде - кыш чилдесинин чок ортосу же кыш мезгилинин биринчи жарымы бүтүп экинчи жарымына өтүшү.

Ушуга байланыштуу казак эли январь айынын аталышын Каңтар - деп атап калышкан. 28-январь менен 11-февраль аралыгындагы он беш күндү үт мезгили дешет. Ушуга байланыштуу өзбек эли февраль айынын аталышын Хут дешет. Үт мезгилин кыргыздар эзелтеден эле так билишкен. Себеби, так ушул он беш күндүн ичинде кардын жаашы өзгөчө терең болгон. Ошондуктан кыргыз эли бул он беш күндүк мезгилди өзгөчө так аныктап алышкан. Натыйжасында Жакшылыгына алса үт, жамандыгына алса жут - деген накыл сөздү калтырышкан.

Башкача айтканда, жутка алып келүүчү он беш күндү Үт - деп атап, жут боло турган жыл дарда ушул он беш күндүк Үт мезгилинде гана олчойгон калың кар жаап коёрун ата-бабалар нечен жолу байкашкан. 12-февраль менен 17-февраль күндөрүндөгү алты күндү кыш чилде мезгилинин акыркы алты күнү болгондуктан муну Кыргыз эли эзелтен бери эле Апкыт-сапкыт алты күн - деп атап кыш чилде мезгили толук аяктайт.

Ал эми 18-февралда кыш чилдеси бардык аймакта толук чыгып кетет. Чындыгында 90 күнгө созулган Токсон мезгили башталгандан кийин 25 күн өткөндө 40 күнгө созулган кыш чилде мезгили башталат. Демек, кыш чилде баштала турган күн 8-январь болот. Кыш чилде аяктагандан кийин дагы 25 күндү эсептеп койсок, ал күн 13-март болот. Демек, эки чекеси 25 күндү камтып, 50 күндү жаратып жатса ортодогу 40 күндү (Чилдени) кошуп койсок туура 90 күн болот да, үч айлык кыш мезгили жаралып калат, Токсон чыккандан кийин жер кыртышына дем кирип амал жүрө баштайт, Кыргыздар Токсон чыкканда томуктай тоң калбайт - деп бекеринен айтышкан эмес.

Бак-дарактардын бүчүрлөрү борсоюп чоңоё баштайт. Ушул себептен Өзбектер март айын Амал деп атап калышкан. Дагы бир айта турган өзгөчө нерсе жазында айдап-себүү мезгилинде соко айдап кеткен айдоолордо чака курттар чардайып жатканын көрүп жүрөбүз го. Ошол чака курттар жетилип сары коңузга Саратанга айланып массалык түрдө учуп калган мезгилди, июнь айын өзбектер Саратан дешет.

Ал эми Кыргызстандын бийик тоолу аймактарында саратандар июль айында уча башташат. Демек, июль айында боло турган кубулушту эске алганда жай Саратан мезгили, 40 күндүк ысык аптап июль айынын башында башталат. Жазгы күн менен түндүн теңелүү учуру 21-мартта болсо, күзгү күн-түндүн теңелүүсү 23-сентябрга туура келет.

Элдик жыл эсеп:

13/XII - токсон түшөт.

22/ХII - эң кыска күн.

8/I - кыш чилде башталат.

18/II - кыш чилде аяктайт.

13/III - токсон аяктайт.

21/III - жазгы күн-түн теңелет.

22/VI - эң кыска түн.

8/VII - жай чилде башталат.

18/VIII - жай чилде аяктайт.

23/IX - күзгү күн-түн теңелет.

Бир жылда 365 күн бар.

***

20-февраль. Чилденин чыгышы.

5-март. Суурдун чыгышы.

10-март. Аюунун которулушу.

15-март; Кемпирдин кейиши.

20-март. Токсондун чыгышы.

15-апрель. Беш тогоол.

30-апрель. Күкүк чакырык.

4-июнь. Жай чилденин түшүшү.

Жай чилденин бөлүнүшү:

Чымыран.

Буулан-дуулан.

Толгон (мийзам).

Саратан.

Сайроон.

18-июнь. Үркөрдүн чыгышы.

10-сентябрь. Каркыранын өтүшү.

15-сентябрь. Кыргыйектин өтүшү.

6-7-октябрь. Кыш кыроосу.

17-октябрь. Бугунун ооз чайкаары. Үшүк.

25-декабрь. Чилденин түшүшү.

Кыш чилденин бөлүнүшү:

Кырдач.

Апкыт-сапкыт.

Ады.

Жеди.

Үт.

Тогол. Ар ай сайын жаңырган асмандагы айдын үркөр топ жылдызына жакындашуусу Тогол деп аталат. Маселен, жазында март айында асманда Чын куран атындагы айы жаңыра турган болсо, ошол жаңырган ай сөзсүз түрдө беш күн өткөндөн кийин гана Үркөр топ жылдызына жакындашат. Илгеркилердин сөзү менен айтканда тогошот.

Ошондуктан чын куран айына беш тогол деген сөздү кошуп, Чын куран беш тогол деп аташат. Тактап айтканда, ар жыл сайын июнь айы жаңыргандан жыйырма үч күндөн кийин Үркөр топ жылдызы менен тогошот. Ошондуктан, Теке 23 тогол деп аталып калган. Калган ай аттары да ушундай негизде бөлүнөт.

Үркөрдүн ай менен тоголушу айдын анык кайсы ай экенин билмекке тогоолду көбүнчө кыштын күнү артыкча таптиш кылат. Бештин айында безилдеген суук деп ноябрь айы болуп, тогоолду ушул айдан чындап текшере баштайт. Бул ай 13дө тогошот. Үчтүн айы үркөр менен 11де тогойт. Бирдин айы тогузунда тогойт. Жалган куран жетисинде тогойт. Чын куран бешинде тогойт. Бугу үчүндө тогойт. Кулжа биринде тогоп, үркөр жерге түшүп, кайтадан кырк күндөн соң чыга келет.

Жаңырган айлардын тогоол аттары. Жалган куран (жейрен менен эликтин эркеги) же беш тогоол (ай жаңыргандан бешинчи кечте Үркөр топ жылдызынын астына Ай келип тогошкон кез, ал үч күнгө созулуп, биринчи күнүн - тогошту, экинчи күнүн - үй же айыл конду, үчүнчү күнүн - өрүп чыкты дешкен) - март, чын куран же үч тогоол - апрель, бугу же бир тогоол - май, кулжа же жыйырма үч тогоол - июнь, теке же жыйырма бир тогоол - июль, баш оона (элик, бөкөн, жейрендин ургаачысы, же телки) же он тогуз тогоол - август, аяк оона же он жети тогоол - сентябрь, тогуздун айы же он беш тогоол - октябрь, жетинин айы же он үч тогоол - ноябрь, бештин айы же он бир тогоол - декабрь, үчтүн айы же тогуз тогоол - январь, бирдин айы же жети тогоол - февраль.

Мүчөл жылдын, жаңы жылдын эсеби. Кыргыздар илгертен ай жылынын календарын колдонуп келишкендиктен бүгүнкү күн жылынын же Григориан календарын билишкен эмес. Кыргыздар ай жылынын календарын Мүчөл жылдын календары деп атап келишкен, Кыргыз эли ар айга өзүнчө ысым ыйгарган. Эми так ошол мүчөл жыл, же ай жылы асманда Жалган куран жети тогол айы жаңырмайынча башталбайт.

Ар дайым асманда Жалган куран жети тогол айы жаңырбай туруп мүчөл жыл башталбайт. Тактап айтканда, кыргыз элинин жаңы жылы келбейт. Борбордук Азияда элдердин эң байыркысы кыргыз эли болуп жаткандан кийин, кантип эле эң байыркы Улуу элдин жаңы жылы болбой калсын. Кыргыз элинин ар жыл сайын белгилеп келген атайын жаңы жылы болгон.

Өзгөчө айта турган нерсе, байыркы ата бабаларыбыз кыргыз элинин жаңы жылы ар жыл сайын асманда Жалган куран жети тогол айы жаңырган күнү гана болорун такташ үчүн, ар бир айга өз өзүнчө ат коюп алышка аргасыз болушкан. Тарых барактарына көз жүгүртсөк, мындай улуу өзгөчөлүк кыргыз улутунан башка улуттардын биринде да болбогон.

Мүчөл жаш. Адам баласы он эки жашка чыкканда бир мүчөл жашка толот, алтымыш жашка чыкканда беш мүчөл жашка толот. Мына ошентип, айбанаттары аты менен ар бир адам ар он эки жылда бирден мүчөл жашка толуп турушат. Изилдөөлөргө караганда кыргыздар мүчөл эсептөөнү беш миң жыл мурда чыгарган.

Өткөн ата-бабаларыбыз балага түйүлдүктөн беркини да бир жаш катары эсептеп койгондуктан он үч жаш бир мүчөл болуп калган. Бирок мүчөл жашка толуу салтанаты кары дебей, жаш дебей ар жыл сайын асманда Жалган куран 7 тогол айы асманда жүргөндө гана мүчөл жашын белгилеш керек. Себеби, кыргыз эли кылымдардан бери эле Жалган Куран 7 тогол айын жыл ажыраш айы, жыл тогошуу айы деп белгилеп келген.

Ошентип, күн жылынын календары боюнча 31-декабрь жыл ажыраш күн, жыл тогошуу күн болсо, ай жылынын жана мүчөл жылдын календары боюнча Жалган Куран 7 тогол айы жыл сайын жыл ажырап, Ай жыл тогошуу айы болуп эсептелинип калган.

Кыш чилдеси 40 күн:

Кырдач - алты күн

Апкыт-сапкыт - алты күн

Ады - алты күн

Жеди - жети күн

Үт - он беш күн

Жай чилдеси:

Чымыран

Буулан-дуулан

Толгон (мийзам)

Саратан

Сайроон

Үрөн себүү. Кыргыз эли байыртадан бери эле ар бир жаратылыш кубулуштарыла өтө тыкандык менен мамиле жасап келген. Алар жаз айларында айга карап айдап сеп деген жаңы накыл калтырышкан. Түшүмүн тамырынан берүүчү өсүмдүктөрдүн үрөнүн качан гана асмандагы ай толуп кичирейе баштаганда себишкен.

Мындай өсүмдүктөргө жер жаңгак, сабиз, пияз, картошка, ж. б. кирет. Ал эми түшүмүн сабагынан берүүчү өсүмдүктөрдү асманга ай жаңырган күндөн тартып себишкен. Мындай өсүмдүктөр коон, дарбыз, ашкабак ж. б. кирерин баарыбыз билебиз.

Өзгөчө айта турган нерсе асмандагы ай жаңыра турган жана ошол айдын он беш жаңысы (толо турган күн) күнү эч кандай айдап себүү иштери жүргүзүлгөн эмес. Ушул күндөрдө асмандагы айдын фазасы алмаша турган күн болгондуктан, бул күндөрдү ата-бабаларыбыз Арсар күндөр деп аташкан. Бирок бул күндөрү да үрөн себилип калган күндөр болгон. Арсар күндөрү себилип калган үрөндөр чыкпай калып, чыкса да түшүмдүүлүгү кескин азайгандыгын ата бабаларыбыз байкаган.

Байыркы ата-бабаларыбыз дан эгиндерин Үркөр топ жылдызына карап туруп себишкен. Ушуга байланыштуу Үркөр батты, кош жатты деген накыл сөздү калтырышкан. Маселен: кылкандуу дан эгиндерин ар жылы Үркөр топ жылдызы батып кеткенге чейин сээп бүтүп коюшкан. Ал эми Үркөр топ жылдызы ар жыл сайын асманда Кулжа 1 тогол аттуу ай жаңырганда батып кетет.

Үркөр батып кеткенден кийин бардык жерде кылкандуу дан эгиндерин себүүнү токтотуш керек, антпесе бышпай калып кар алдында калышы мүмкүн же түшүмдүүлүгү азаят. Үркөр баткандан кийин же болбосо Кулжа 1 тогол аттуу ай жаңыргандан кийин кара эгиндерди эгүүнүн мөөнөтү келет. Кара эгиндердин түрүнө жүгөрү, таруу, конок, күрүч ж. б. кирет.

Белги

Жолборс жана коен жыл дары кыш мелүүн келет.

Доңуз жылы кыш ызгаардуу келет.

Жылан, мечин жылдары жай ысык, кургак келет.

Кой жана уй жылдары жаанчыл болот.

Жөргөмүш ыкчамдап иштесе күн ачык, жылуу болот.

Аба ырайы шамалдан билинет, шамал соккон жактан жамгыр же каар жаайт. Чыгыштан урган шамал эч убакта жамгыр же кар алып келбейт. Чымын-чиркейлер малды, адамды тажаткыча тынчсыздансырса жамгыр келет. Кумурскалардын уюгу на жашынышы - катуу жамгыр болоордун белгиси. Жылан, жылкы жылдары каатчылык күтүлөт. 70 жылда бир ирээт, же 40 жыл да бир ирээт асманда куйруктуу жылдыз көрүнүп, каатчылык болот.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)