Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Жыл мезгилдери

Жыл мезгилдери - жылдыздуу асман боюнча күндүн байкалган кыймылына жана табияттын мезгилдүү өзгөрүшүнө жараша жылдын мезгилдерге жаз, жай, күз, кышка бөлүнүшү. Ал Жердин өз орбитасынын тегиздигинде, эклиптикада 23°26' (66°34') бурч менен жантайып, айлануу огу менен аныкталат. Жылдыздуу асман боюнчаКүндүн көзгө көрүнгөн кыймылына жараша жыл (жаз, жай, күз, кыш) мезгилдерге бөлүнөт. Жер Күндү айланганда, анын айлануу огу өзүнө жарыш жылгандыктан, Жер жыл бою бирде түндүк, бирде түштүк жагы менен Күнгө карата жантаюу абалында болот. Натыйжада Күн бирде Жердин түндүк, бирде түштүк жарым шарын жарык кылып, күчтүү ысытат да, түндүк жарым шарда жай болгондо, түштүк жарым шарда кыш жана тескерисинче болот. Күн борбору эклиптика боюнча кыймылдап, түштүк жарым шардын асман сферасынан түндүк жарым шарга (20же 21-мартта) өткөн учурда, түндүк жарым шарда жаз башталат. Ошол күнү Жердин бардык бетине (уюлдук аймактардан башка) күн-түн теңелет. Жайдын башталышында түндүк жарым шарда (21же 22-июнда) Күн эклиптиканын түндүк чекити (жайкы күн токтолуу чекити) аркылуу өтөт. Бул учурда Жердин түндүк жарым шарында күн, ал эми түштүгүндө түн өтө узарат. Күздүн башталышында түндүк жарым шарда (23-сентябрь) Күн экваторду 2-жолу кесип өтүп (күзгү күн-түн теңелүү чекити), түндүк жарым шардан түштүккө өтөт. Жердин бардык орундарында кайрадан күн-түн теңелет (түндүк жарым шарда 21же 22декабрь). Күн эклиптиканын түштүк чекити (кышкы күн токтолуу чекити) аркылуу өткөндө, кыш башталат да, Жердин түндүк жарым шарында күн, түштүгүндө түн өтө кыскарат. Жер орбитасы эллипс түрүндө болуп, Күндү бир калыпта айланбагандыктан, жыл мезгилинин узактыгы да ар түрдүү болот. Январь айында Жер перигелий аркылуу өтүп, Күнгө абдан жакындайт. Бирок күн нуру жер бетине абдан кыйгач түшкөндүктөн, аба ырайы суук болот. Ал кезде Жер тезирээк кыймылдайт, түндүк жарым шарда кыш кыскарып, жай узагыраак болот. Азыркы учурда түндүк жарым шарда жаздын узактыгы 92,8 сутка, жай 93,6 сутка, күз 89,8 сутка, кыш 89,0 сутка болуп, бардыгы 365,2422 сутканы (тропиктик жыл) түзөт. Жер орбитасы эллипс түрүндө болгондуктан, аба ырайынын мезгилдүү өзгөрүшүнө жылуужанамуздак агымдар, тоолор, шамал көбүрөөк таасир этет. Ошондуктан күнүмдүк турмушта жыл мезгилинин алмашуусун астрономиялык эмес, жаратылыш белгилери (орточо суткалык температура)боюнча аныкталат. Астрометриялык жыл мезгилине карата календарлык мезгил 2122 суткага жылдырылып эсептелет: жаз (март, апрель, май), жай (июнь, июль, август), күз (сентябрь, октябрь, ноябрь), кыш (декабрь, январь, февраль).

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)