Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Жыгач устачылык

Жыгачтан түрдүү буюм жасоо чеберчилиги. Буга жыгач буюмдарын жасоо, алардын бөлүктөрүн бири бирине туташтыруу, бекитүү (аштоо), жыгачты механикалык жол менен иштетүү, желимдөө, фанерлөө, сүргүлөө, куроо, жасалгалоо, жылмалоо иштери кирет. Жыгач усталар кыргыздарда жыгаччы же түндүкчү, ээрчи, кырмачы, тактачы, комузчу болуп бөлүнгөн. Жыгаччылар - боз үйдүн жыгачтарын, ээрчи - ээр, айырмач, ыңырчак, кырмачылар - аяк, табак, чара, чөмүч, тепши, челек, чыныкап, кашык, соку, сокбилек, ийик, тактачы - сандык, жагдан, такта, бешик, үкөк, чана, чарпая, комузчулар - комуз, кыяк, чоор, тактеке, добулбас жасашкан.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)