Жууку өрөөнү

Жети-Өгүз районунда, Тескей Ала-Тоонун түндүк капталында жайгашкан. Жууку суусунун бир айрыгы - Дүңгүрөмөнүн капчыгайы түндүкчыгыпгган батышка 25 клге созулат. Дүңгүрөмө менен Ашуу-Суу кошулгандан тартып өрөөн түндүккө багытталып, терең капчыгайга айланат. узундугу 49 чакырым, туурасы 0,3—4 чакырым. деңиз деңгээлинен 1800—4300 м бийикте. Төрү тепши сымал өрөөн, этеги капчыгайлуу. Капчыгайдын бүткөн жеринде кызыл түстүү неоген тектери жатат. Банггалышы менен орто чени кокту-колоттуу келип, бийик зоолор менен курчалган. Айланасындагы тоолордун өрөөндүн таманынан салыштырмалуу бийиктиги 800—1200 м. Өрөөндүн башындагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 49,2 чарчы/чакырым.

Ысык-Көлдүн таасиринен жайы салкын, кышы анча суук эмес. Январдын орточо температурасы -11°С, июлдуку 10,5°С. Жылдык жаан-чачыны 700—800 мм. Негизги суусу Жууку (куймалары:Ит-Тиш, Ашуу-Кашка-Суу, Жуукучак жана башкалар). Байыркы муз каптоодон пайда болгон 11 көл бар. Эң ириси Жууку ашуусунун этегиндеги Чоконун көлү (аянты 0,72 чарчы/чакырым). Тоо этегиндеги жана көл жээгиндеги кургак талаа акырындап бадал аралаш шалбаалуу талаага, андан бийигирээк карагай тилкесине өтөт. Карагай токою (2100—2200 мден 2800—2900 метрге чейин) тескейинде жана капчыгайдын таманы менен оң капталында жыш өсөт.

Сол капталы жапалак арча жана ксерофиттүү талаа өсүмдүктөрү менен капталган. Шаркыратмалуу, калың карагайлуу кооз ландшафтынын рекреациялык мааниси чоң. Өрөөн - мамлекеттик заказник. жылы өнөр аркылуу эзелтен бери Ысык-Көл өрөөнүн сырттагы жайлоолор менен байланыпггырган мал айдоочу жол өтөт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)