Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жусуп Мамай

Баш барак | Биографиялар | Жусуп Мамай
Жусуп МамайКытай Эл Республикасында жашаган кыргыз манасчысы Жусуп Мамай 1918-жылы Кызыл суунун Акчий оодаңындагы Карабулак айылында төрөлгөн. Атасы Мамай ажы колунда бар адам болуп Жусуптуп кичинесинен сабатын жоюп билимдүү болушуна шарт түзгөн. Ал эми манасчылык өнөргө тартылышына агасы Балбай чоң таасир берген.



Балбай өз учурундагы билимдүү адамдардын бири болуп кыргыз элинин тарыхына, маданиятына, элдик поэзияга кызыгып, аларды чогултуп, ага өзгөчө бир мамиле кылып келген. Жусуптун кичинесинен эле зээндүүлүгүн байкаган агасы аны өзү чогулткан Манас эпосунун кол жазмаларын окутууга жана эпосту айтууга үйрөтө баштаган. Жусуп 8 жашынан агасы Балбай чогулткан Манастын кол жазмаларын окуй баштайт.



Аны кайра-кайра окуп жүрүп Манастын 8-урпагына чейин үйрөнүп алат. Эл ичинде Манасты биринчи жолу 18 жашында айтып баштаган. Анын варианты 1961-жылдан баштап жыйналат. Жусуп Манасты 8-урпагына (Манас, Семетей, Сейтек, Кененим, Сейитим, Асылбача-Бекбача, Сомбилек, Чигитей) чейин айткан жалгыз манасчы. Ал андан тышкары элдик кенже эпос - дастандарды, санжыраларды билет. Жусуп Мамай айткан Манастын вариантында салттык негизги окуялар толугу менен сакталган. Ал айткан Манастын варианты 1978-1989-жылдар аралыгында кайрадан толугу менен жазылып алынган, жана басмадан жыйырмадан ашык китеп басылып чыккан.
Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 8453, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу