Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жусуп Баласагын ыры

Парасат кайда болсо улуулук ошондо,
Билим кайда болсо, бийиктик ошондо.
Билим кадырын окуган билээр,
Зер кадырын токуган билээр.

Жоомарт малга кайгырбас,
Билимдүү иште жаңылбас.
Кылыч эрди күзөйт,
Калем эрди түзөйт.
Нааданга төрдөн орун тийсе, кор көрөөр,
Даанышманга босогодон орун тийсе төр көрөөр.

Кичилик кымбат эмес, кишилик кымбат,
Улук болсоң, кичик бол.
Башыңа соолук тилесең,
Тилиңе мыктап кишен сал.

Адамды эки нерсе картайтпайт:
Бири жакшы мүнөз, бири - жакшы сөз.
Тил менен напсини тыя билгин,
Касиетти боюңа жыя билгин.

Айтылган асыл сөз,
Ооздон чыкса бакыр болот.
Айтылбаган сөз - кулуң,
Айтылган сөзгө өзүң кулсуң.
Тил босогодо жаткан арстан,
Байкабасаң, башыңды жейт,
Жаман иштин алдын ал,
Эл тентегин тезге сал.
Жакшы кул - бооруң,
Жаман кул - жооң.
Достошуу оңой, сыйлашуу кыйын,
Жоолашуу оңой, жарашуу кыйын.
Шарапка мас болгондон,
Дөөлөткө мас болгон жаман.
Бек - ичкилик ичпес,
Бирөөгө жамандык ойлобос.
Адал киши болуу керек.
Бул эки кылмыштан качкандын куту качат.
Жетимге, жесирге, үйсүзгө каралаш,
Сокурга, карыга, аксак-тескекке көмөктөш.
Жакшы атың чыкса, алкыш алаарсың,
Жаман атың чыкса каргыш табарсың.
Ачуу келсе, акыл кетээр.
Акылдууну акмак этээр.
Кылычтан кан тамаар,
Калам мал табаар.
Жамандык озбойт,
Жакшылык тозбойт.
"Кут бир келет - бакпасаң кетип калат,
Бак бир конот - үйлөсөң өчүп калат.
Билимдүүгө окуу жолдош, бир тууган,
Түркөй айдайт кулагынын сыртынан,
Билимдүүгө окуу - кийим, аш болот,
Билимсиздер ушак менен дос болот".
Түрк тили эң акылман, макалга бай,
Түшүнгүн кары сөзүн айткан мындай:
"Бактылуум! Дөөлөтүңө чиренбегин,
Балээден алыс болуп жүрсөм дегин.
Аккан суу, жүргөн желдей - бакыт турбайт,
Эч качан айлампасы анын тынбайт.
Бакыт-кут, өзгөрүлмө, бапа болбойт,
Жылмышып жерге түшүп, учса конбойт.
Ким китепти окуй билсе күтүнө,
Эки дүйнө жарык берер ишине.
Жаралгандын бардыгы муңдуу дечи,
Муң билбес жараткан жалгыз өзү.
Тагдыр катаал болбойт десең өзүңө,
Тилиң тиштеп, сак болгунуң сөзүңө.
Сен өзүңө курам десең жыргал күн,
Сөздү коюп, эмгектенгин күнү-түн.
Баары өтөт, түбөлүктүү - жакшы атак,
Жакшы адамдын ишин айтып макташат.
Бул дүйнөгө далай эрлер келишкен,
Жашап - өнүп, кез келгенде өлүшкөн.
Бек болсоң да, кул болсоң да — бүт баары,
Өлөт бир күн, артта калат аттары.
Окуу — түндө алдыңдагы шам чырак,
Билим алсаң мандай ачык жаркырап.
Өнөрдү ачуурканба, айласы көп.
Билимден ачуурканба, пайдасы көп.
Ачуу жеңсе, акыл качат өзүңдөн,
Ачуулуу жан акылы кем көргө тең,
Ачуу - душман, акыл - дос адамга.
Ачуулансаң орой, осол сен анда.
Жакшы адам жылдар өтсө карып койбойт,
Мактоо менен жаманды түзөп болбойт.
Жамандар - өкүнүчтө калат карып,
Жакшынын өмүрү узун, ою жарык!
Кайгы-муң жамандарды коштоп жүрөт.
Жаштык өтөт көз ирмемде - баалай бил,
Кармасаң да өмүр бүтөт - билип жүр.
Эр адамга аракет, кайрат керек,
Кек, кастыкты алыска айдаш керек.
Керек болсо кайрат, ынтаа экөө тең,
Ал экөөнүн тең болгону эрде жөн.
Жыргалыңдын артынан кырсык кирет,
Кубанычты кубалап кайгы жүрөт.
Сыймыкка, даңкка тете - кыраакылык,
Куруткан далайларды - шалаакылык.
Илимдүү илимдүүнү тааный билет,
Акылдуу акыл баркын баалап жүрөт.
Айкөл бол, бакыт деген айныма азап,
Бүгүн турса жаныңда, эртең качат.
Бактылуум! Дайым жолдуу жашайм десең,
Жакшы иштерди жаратып жүргөнүң жөн!
Эгерде бийлигиң күч, болсоң да улук,
Кулаш бат, көз ирмемде колдон чыгып.
Сөз тазасы, акылдуулук белгиси,
Акылсыз жан айбан менен тең киши.
Төрөлгөндүн баарында - өлүм да бар,
Жараткан жазгандан соң жолун табаар,
Шамалдай токтолбостон өмүр өтөт.
Кандай күч токтотууга алы жетет!
Бактым бар деп кубанба: келет - кетет,
Дөөлөт бар деп ынанба: толот - бүтөт.
Адамдын көңүлү жылкы мүнөз:
Бирде семирээр, бирде арыктаар.
Ооба, дөөлөт күлүк, кийик жапайы,
Кармаган соң бекем байла сен аны.
Бек кармасаң - ал качалбайт эч жакка.
Бир бошонсо - кайра илинбейт тузакка!
Бактылуу - өз бактысын баалай билсин,
Ар кандай жаман иштен алыс жүрсүн!
Бакыт шарты: дайыма таза жүрүү,
Чалынбастан күнөөгө өмүр сүрүү.
Бактылуу даңкы менен өсүп толот,
Даңк нуру - ай нуруна окшош болот.
Бакытка сен ишенбе, ал алмашат,
Көрүнөт, бирок дароо бат жоголот.
Тобо кыл жаратканга момун адам,
Жүз эсе пайда аласың, өзүң андан.
Жакшылык кыла келген жакшы адамдар
Алардын адамзатка мээри тамаар.
"Жаманга дабаа жок" дейт байыркылар.
Коомго - жат, элге-жут, жан ушулар.
Жакшылык - өзү жакшы, баасы кымбат,
Аңдан да аны жасоо кымбатыраак.
Жакшы иштин жолу татаал, тайгалак,
Дилгир жетет, а жалкоолор кур калат.
Жакшы иш жасоо өтө кымбат абыдан,
А наадандар, жакшы иштен кур жалак.
Жамандар болбос ишке кегин сактайт,
Жакшынын атын булгап, ушак таштайт.
Жакшылык жасап көнгөн, жасай берет,
Таарынычты унутуп, мээрим төгөт.
Жамандыктын аягы өкүнүч болот,
Жамандыкка - жакшылык кылган жакшы.
Көп сүйлөсөң ойлонбой - кырсык келет,
Акылдуу сөз ар дайым пайда берет.
Ойлоп сүйлө сөзүңдү, айта турган,
Сураса жообуң болсун таамай ылдам.
Көп тыңшап, аз сүйлөгүн-орду менен
Кемибейт акыл-ойду арка кылган.
Тилин кармай билгендер билим алаар,
Маңыз жандар билимди кайдан табаар.
Тирүү жанга эки нерсе керектир,
Бири - тили, бири - дили ак көңүл,
Туура сөздөн чексиз пайда табаарсың,
Жалган сөздөн каргыш - сөгүш алаарсың.
Жаткан - тураар, турган кайра жыгылаар.
Жалган өчөөр, чарчагандар - тыныгаар.
Эй тирүүлөр: туталанып буулукпа,
Тирүү жүрүп, өлүм барын унутпа.
Белгилүү да төрөлгөнгө - өлүм бар,
Тике турган-акыр бир күн куланар.
Асмандагы күндө дайыма батуу бар,
Сүйүү - күйүт, таттуусуна ачуу бар.
Уяткарба, таш боор деп, бул сөзүм ак:
Сени кыйнаар шум дүйнө катуураак.
Көзүңдү ач, менден кийин сенде кезек,
Шум дүйнөнүн алдоосу, жалганы көп.
Ажал - бул тирүүлөргө ачык эшик,
Тирүүлөр кутулган жок качып өтүп.
Өмүр эмне, өлүм эмне? Ойлочу!
Кайдан келдим?
Кайда барам?
Болжочу.
Неге туулдум, акыры өлөөр болгон соң?
Неге күлдүм, кайгы күтүп турган соң?
Коркунучтуу эч нерсе жок ажалдан,
Төрөлгөн соң, өлөт экен арадан.
Өлүм деген учу-кыйыры жок көк деңиз,
Түбү терең чыгарбас түшкөн жанды.
Акыл жокто, чынында жүрөк өлүк!
Акыл - чырак, түндөсү сокурга - көз.
Денеге - жан, үндөбөс дудукка - сөз.
Тетик адам жол бербейт ач көздүккө
Акылдууга жаңылуу болбойт иште.
Ар иште акыл-эстүү болуу керек.
Акылдуу өз ишинен убай көрөт.
Наадандар-мөмөсү жок дарак сымал,
Ач жанга анын кандай пайдасы бар?
Ким жөнөкөй, баарыга мээрим төгөөр,
Андайдын оозу - асел, сөзү - шекер.
Жылдыздуу ак дил адам бакыт табат.
Жакшы сөзгө ийинден жылан чыгат.
Он нерсе эр жигитке керек деген:
Көзү курч, кулагы сак, жүрөгү кең.
Акылдуу, келишимдүү, сулуу, чечен.
Билимдүү, эстүү, токтоо, ишке бекем.
Эгер өзүң соопчулук издесең,
Эң биринчи - эл кызматын иште сен.
Тилим бар деп ой келди сүйлөй бербе,
Айткының айтар сөздүн орду келсе.
Акылмандар аз сүйлөйт, билем аны,
Ашык сөз алып келет өкүнүчкө!
Оору жолдош өлүмгө, жолун туткан,
Өлүм болсо - өмүргө чексиз душман.
Акындардын тили кылыч - миздүү өткүр,
Уккуң келсе учкул сөз, ою көркөм,
Алардын акыл-ою деңиз сымал,
Сөз бермети, каухары өнүп чыгаар.
Ак жол менен жүрөмүн деген киши,
Акылман адал тутсун ошо өзү.
Аялдын акылдуусун тапсаң, эгер,
Төрт тарабың тең болот түгөл.
Ушунча сансыз жандар кирген экен.
Кара жердин карыны тойду бекен?
Кара жердин катмарын көрсө ачып,
Канча асыл жандарды алган катып!
Канча бектер жатышат топурак болуп,
Канча билгир жоголду түпсүз соолуп.
Билип болбойт бекпи, же кул экени,
Кедей, байбы - өлүмгө бир экенбиз!
Бүгүн сен кумарды тыя албасаң,
Жакшылыкты көрбөйсүң, сен эч качан!
Напсиңди тый, дайыма алып колго,
Мына ошондо чыгасың туура жолго.
Жетсе да атак-даңкын, төбөң көккө,
Кирип жатаар орунуң кара жерде.
Өмүр өтөт ирмемде унутпагын,
Өткөн күнгө алданба, учуп өтөт,
Бактыңа ишенбе, өтүп кетет!
Жакшылыкка жакшылык кылуу керек.
Бир иш кылсаң - он эсе кайрып берет.
Чындык ачуу болсо, чыдоо керек,
Чындык сөздөн өзүңө пайда келет.
Бетке айтылган сөздөрдө заар болбойт,
Андан ашкан асыл сөз кайсы делет.
Адамды баалоо керек иши менен,
Адам иши өзүнө жараша экен.
Иши жакшы адамдын өзү жакшы,
Иши бузук адамды бузук деген.
Баарын угуп, алгының, керектүүсүн,
Өзүңдөн сүрүп ташта керексизин!
Биринчи - ойдо сөздү таамай айткын,
Экинчи - зандын жолун бекем баккын.
Үчүнчү - жоомарт болгун, ишке шайлан,
Төртүнчү - баатыр болгун тартынбагын.
Акылман насаат сөзүн айтып кеткен:
"Адам өлөт, жакшы аты өлбөйт" деген.
Билим алсаң, урмат-сый алып келет,
Билим сага - акыл-ой, кубат берет!
Билимсиз жүрөк, тилдин пайдасы жок
Билим өнөр, өмүргө суудай керек.
Көктө Теңир өзүңө көмөк болсун,
Тагдыр буйруп тилегиң кабыл келсин!
Ак пейил, ак көңүлдүү такыба адам!
Узак өмүр, бак-таалай тилейм сага!
"Жаштыкты кор тутпагын турса колдо.
Жаштык өтөт, көз ирмемде - баалай бил.
Кармасаң да өмүр бүтөт - билип жүр.
Жаштыгыңды болбос ишке коротпо
Тобо кылып, жаман ойду жолотпо..."
Орундуу сөз акыл-эстен от алат,
Орунсуз сөз ийиниңден баш алат.
Маңыз сөздүн көрө албадым пайдасын,
Көп сүйлөсөң чалынасың сен бачым.
Көп сүйлөбө, а көрөкчө так сүйлө,
Түмөн сөздүн - он мааниси бир сөздө.
Бийлик, атак адамдарга тип берет,
А ашык сөз, уят кылат, өлтүрөт.
Көп сүйлөсөң "Кур бабырак-деп коёт,
Унчукпасаң "дудук” деген ат коёт.
Тил такта, башың аман болоору чын,
Сөздөрүң накыл болсо - өмүр узун.
Түбөлүккө өлбөйм десең сен эгер,
Ачык сүйлөп, ак ишиңди улай бер.
Киши кымбат эмес, кишичилик кымбат.
Боюң жапыс болсо да,
Оюң бийик болсун.
Жакшы сөз жан-дилиңди ийгизет ээ,
Жаман сөз амалсыздан күйгүзөт ээ.
Адил сөз пайдасын көп тийгизет ээ,
Кыңыр сөз башка балээ үйгүзөт ээ.
Уят деген - бузбайт дилди эзели,
Уятсыздык эрдин энсиз кесепти.
Кор болосуң, кач, жаман иш чуусунан,
Ал бир жылан адам өлгөн уусунан
Азгырылып алтынга бузулбаса,
Ал киши периште бир пейли таза.
Атак деген аалам кезээр, эл кезээр,
Аты калса, бул дүйнөдө өлбөс эр.
Чыдамкай бол, жанга азап батканда,
Максатына чыдамкайлар жеткен да.
Адамдарга керек жакшы касиет,
Ага келип бардык нерсе баш ийет.
Эл бийлөөгө өнөр керек миң түмөн,
Шондо гана сүрүлмөкчү түп-түмөн.
Жакшы тартип орнотконду сыйлайт эл,
Тартип жокто бир уучка сыйбайт эп.
Эмне сепсең - ошол өнүп чыгат ээ,
Ынтымак сеп - элге майдай жагат ээ.
Акча үчүн ар ким иштейт,
Акыйкат үчүн ким иштейт.
Аккан суу токтобойт,
Убакыт токтобойт.
Бакыт да токтобойт,
Өмүр да токтобойт.
Өмүр чиркин өтөт тез,
Түбөлүккө калат сөз.
Тил адамдын даңкын чыгарат.
Адам ал аркылуу бакыт табат.
Тил адамга жапа да чектирет,
Абайлабаса башын жарат.
Өз башыңды өзүң ажалга дуушар этпес үчүн сөзүңө сак бол.
Өз тишиңди өзүң сындырбас үчүн тилиңе сак бол.
Жакшы болгуң келсе, жаман сөз айтпа.
Көп сөздүүлүктөн мен пайда да, жакшылык да көрбөдүм.
Көп сүйлөбө.
Сабыр кыл, ар сөзүңдү салмактап айт.
Он миң сөздүн түйүнүн он сөз менен чеч.
Адам эки нерсе аркылуу картайбайт:
Биринчиси - кайрымдуу иши.
Экинчиси - мээримге толгон сөзү.
Жайгаштыруу: 2017-08-18, Көрүүлөр: 30476, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-03-16
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо