Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жусуп Баласагуни жана анын Кут алчу билим чыгармасы

Жусуп Баласагуни жана анын «Кут алуучу билим» чыгармасы

Достор, дароо айталы, "Кут билим" чыгармасы жана ырлары толугу менен ылдый жакта шилтемедеги файлда. Ал эми бул макалада Баласагын өзү жана чыгармасы жөнүндө жалпы маалымат берилет.

Жусуп Баласагуни Жусуп 1010-1016 - жж. же, 1018-ж. Баласагун шаарында туулган. Окумуштуу Р. Араттын эсеби боюнча поэманы жазып бүткөн мезгилде Жусуп 54 жашта болгон. Ал поэмасын Баласагун шаарында баштап, баш-аягы 18 ай жазып, 1067-1070-жж. Кашкарда аяктап, хандын ханы деп аталган Кашкар шаарынын башкаруучусу Тавгач Буура Карахан Абу-Али-Хасанга тартуу кылган. Ал поэманын терен мазмунун түшүнүп, алкыш иретинде акынга «Улуг-Хасс-Хажиб» деген наам берген. Мунун мааниси «Хасс» арабча хан сарайдагы урматтуу адамдардын бири, ал эми «Улуг-Хасс-Хажиб» хан мыйзамында кызмат өтө кадырман адамдын наамы. Баласагундук Жусуптун «Кутадгу билиг» поэмасы биздин ата - бабаларыбыздын рухий турмушунда кылымдардан бирдиктүү, өз ара байланыштуу эки маданияттын - отурукташкан жана көчмөн маданияттарыбыздын түпкү башатын ырастаган элдик кенч. 10 кылымда ислам отурукташкан чарбадагы каракандын элдери менен бирге көчмөндөрдүн арасында кенири тарайт.

Эл ичинен араб жазуусун өздөштүргөн илимпоздор өсүп чыгат. Демек, «Кутадгу билиг» поэмасынын түп нускасы араб тамгасы менен түрк тилде жазылган себеби да ушуга байланыштуу. Жусуптун жердеши түрк тилдеринин чырагы деп таанылган Махмуд Кашгаринин айтылуу сөздүгү да ошол мезгилде араб тамгасы менен жазылган. Окумуштуу тарыхчылардын жазганына Караганда азыркы учурда Жусуптун «Кутадгу билиг» поэмасынын үч нускасы сакталып тургандыгын билебиз. Бир нускасы Вена шаарында (Австрия) сакталуу. Египеттин борбору Каир шаарында сакталып турган экинчи нуска 1986-ж. Хидив китепканасынан анын директору болуп иштеген немец окумушттуусу Б. Морин тарабынан табылган. Кол жазма жакшы сакталбагандыктан айрым жерлерин окуш өтө кыйын, колдон-колго өтө көп өткөндүгү билинип турат. Анын сүрөт көчүрмөсүн 1896-ж. академик В. В. Радлов Петербург академиясынын Азия музейи үчүн атайын алдырган.

[ushka=seredina]

Азыр ал Орусия Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун Санкт - Петербургдагы бөлүмүндөгү кол жазмалар фондунда сакталууда. Ал эми Намангандан табылган нускасы азыр белгилүү болгон нускалардын эң толугу болуп эсептелинет. Араб тамгасы менен жазылган кол жазманы биринчи ирет 1913-ж. А. З. Валидов, Мухаммед Хожа эшен Лоляршиттин өзүмдүк китепканасынан тапкан. Кол жазма табылгандан кийин да бир топ мезгилдерге чейин дареги жок болуп кетип, кайрадан 1925-ж. Өзбек окумуштуусу Фитрат таап, ал жөнүндө макала жарыялаган. 1928-1929-жж. Фитрат «Өзбек адабиятынын улгуявру» деген китепке эстеликтен үзүндүлөрдү киргизген. Эстеликтин нускасы азыр Өзбекстан Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун кол жазмалар фондунда сакталууда. Наманган жана Каир шаарларынан табылган нускалар араб ариби менен жазылган.

Жусуптун поэмасы - эпикалык чыгармалардын катарына кирген дидактикалык терен мазмундуу поэма. Ыр жана кара сөз менен жазылган кириш сөзүндө Байыркы Чыгыш акындарынын чыгармаларына өтө эле мүнөздүү болгон асман менен жерди, тоо менен түздү, суу менен денизди, жылдыз менен күндү, жандуу менен жансызды жараткан алла-тааланы даназалаган салттуу мотив бар. Жусуп Баласагуни өрнөктүү чыгармасынан көрүнүп тургандай орто кылымдардын эң билимдүү, энциклопедиялык масштабда ойлонгон инсандарынан болгон. Ал астрономиядан, математикадан, медицинадан кенири кабардар эле. Адабият, тарых, философия, эстетика, этика маселелерин, араб жана иран-тажик поэзиясын, түрк, фарс фольклорун мыкты билген. Анын чыгармасынын «Манас» эпосу менен үндөшкөн жерлери көп жана кыргыздын макал-лакаптары, учкул сөздөрү арбын пайдаланылат.

«Кут алчу билимдин» кош саптардан турган сесневи жанрында, тактап айтканда, уйкаш эки сап ырдан куралган бейхт формасында жазылышы Фирдоусинин «Шахнамесин» жакшы билгендигин айгинелейт. «Шахнаменин» он каармандары Ануширвандын, Афрасиабдын, Рүстөмдүн ысымдары чыгармада көп кайталанып айтылат. Алар нарктуулукту, калыстыкты, акылмандыкты символдоштурган образдар катары бааланат. Поэманын философиялык-этикалык мазмуну, масштабы автордун Аль - Фарабинин, Ибн-Синанын чыгармаларын терен өздөштүргөнүн кабарлайт. Жусуп Баласагуни да өзүнүн дүйнө, коом тууралуу түшүнүгүндө философиядагы рационалисттик жолду сап туткан, адамдын акылын, билимин айрыкча аздектеген.

«Кут алчу билимдин» философиялык мазмуну.
Чыгарма чыгыш маданиятындагы санат-насыят маанисиндеги кенири тараган этикалык-дидактикалык эмгек. Бул жанрдын тарыхы Байыркы Египет, Индия, Иран адабияттарынан башталып, кийин жалпы чыгыш элдеринин жазуу, оозеки адабиятында салттуу форматка айланган. Ал эми Европада мындай жанр «Кут алчу билимден» 5 кылымдан кийин Ренессанс доорунда гана зерцал формасында калыптанган. «Кут алчу билимде» автор өз заманындагы адептик-этикалык принциптерди, идеяларды ошол доордун тарыхы, маданияты, дини менен шайкеш байланышта карап, аларды акыл-таразасына салып баалап, нарктап ой толгогон. Ошондуктан бул чыгарманы адамзатка ар убак адеп-ахлактык азык болуучу этикалык энциклопедия катары бааласак ашыкча болбойт.

«Кут алчу билимди» изилдөөчүлөрдүн бири А. Н. Кононов поэманы эпостук денгээлдеги чыгарма катары баалап, анда адам өмүрүнүн маанисин жана маңызын, адамдын коомдогу жүрүш-турушун, карым-катыш мамилелерин, даанышман ойчулдун өз коомуна карата философиялык көз карашын баса белгилеп көрсөтөт. «Кут алчу билимдин» этикалык мазмунун негизги төрт түшүнүк түзөт: адилеттик, акыл-эс, бакыт, каниеттик. Бул түшүнүктөр конкреттүү каармандардын образдары аркылуу берилген. Экумдар Кунтууда - адилеттик, вазир Айтолду - бакыт, ваз ирдин уулу Акдилмиш - акыл-эс, вазир дин иниси вткурмуш - каниеттик. Көрүнүп тургандай, поэманын персонаждарынын ысымдары аллегориялык-символикалуу мааниге ээ.

Алар адам өмүрүндөгү эн бир өзөктүү да, өнөрлүү да рухий дөөлөттөрдүн этикалык - философиялык көркөм образдуу символу. Ойчул окууну, билимдүүлүктү дүйнө таанып билүүнүн эн негизги жолу катары баалайт. Окуу менен гана адам баласы акылын арттыра алат дейт акын. Демек, Жусуп Баласагунинин ою боюнча акыл адам баласына табиятынан берилген касиет, бирок адам өз өмүрүндө аны окуу, үйрөнүү, үлгү алуу сыяктуу жолдору менен гана байыта алат. Албетте, ойчул акын акылды адептүүлүк жолун тутуунун бирден-бир зарыл шарты деп эсептеген. Билимдүүлүк, билгичтик урмат-сыйдын да белгиси, билимдүү адам адеп жолун сактаса, анда ал жогорку сыйга татыктуу. Ал эми билимдин дениз сымал түбү да жок, чеги да жок, аны канча сузсан да бөксөрбөйт, тескерисинче, толо берет.

Кут билим чыгармасы жана ырларын толугу менен көчүрүп алууга даяр.

Жайгаштыруу: 2016-08-11, Көрүүлөр: 36354, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-03-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо