Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Жунушалиев Жеңиш

Жунушалиев Жеңиш (1935-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Түп району, Корумду айылы - 04.05.2016, Бишкек шаары) – тарых илимдеринин доктору (1993), профессор, Кыргыз Республикасынын УИАнын корреспондент-мүчөсү. Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.

Жеңиш Жунушалиев 1935-жылдын бештин айынын (декабрынын) 24үндө Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Корумду айылында туулган.

Анын эмгек жолу 1954-жылы Каракол шаарындагы Мугалимдер институтун аяктагандан кийин, айылдык жети жылдык мектептин мугалими болуп иштөөдөн башталган.

1955-1960-жылдары Жеңиш Жунушалиев Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин) Тарых факультетинен таалим алган.

Орто мектепте мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы жана партиялык жооптуу кызматтарда иштеген.

Кыргызстан КП БКга караштуу Партия тарыхы институтунун директору, Кыргыз Республикасынын элге билим берүү министрлигинин окуу-усулдук кабинетинин директору, Кыргызстан УИАнын коомдук илимдер боюнча окумуштуу катчысы.

1997-жылдан 2014-жылга чейин КР УИАнын Тарых институтунун директору.

Ардагерликке өз ыктыярдыгы менен чыккан.

2016-жылдын бугу (май) айынын 4үндө саат 23:07де Бишкек шаарындагы батиринде дүйнөдөн кайткан. Бугу (май) айынын 6сында Кыргыз Өкмөтүнүн жетекчилиги маркумдун сөөгүн "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюу тууралуу чечим чыгарган.

Маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөлөрү бугу (май) айынын 7синде өттү. Оболу үйүнөн жаназа окулуп, андан соң КР УИАсынын башкы имаратында акыркы сапарга узатуу жыйыны өттү. КР УИАнын президенти Абдыганы Эркебаев, ж. б. окумуштуулар чыгып сөз сүйлөштү.

Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган соң, калайык "Элим" ресторанында маркумга багыштап куран окутушту.

400 ашык илимий эмгектердин автору. Эмгектери негизинен Кыргызстандын тарыхын изилдөөгө арналган.

Кыргыз Республикасынын маданиятка эмгек сиңирген ишмери, илимге эмгек сиңирген ишмери.

Кыргыз Республикасынын УИАнын корреспондент-мүчөсү.

Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)