Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жунусалиев Болот Мураталиевич

Баш барак | Биографиялар | Жунусалиев Болот Мураталиевич
Жунусалиев Болот МураталиевичЖунусалиев Болот Мураталиевич 1913-жылы Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Үч-Урук айылында туулган. Кесиби боюнча филолог, кыргыз тилинин тарых, диалектология жана адабий жазма адиси, филология илимдеринин доктору, профессор, кыргыз ССРинин академия илимдеринин академиги, кыргыз ССР илиминин эмгек сиңирген ишмери, Касым Тыныстанов атындагы сыйлыктын лауреаты.

Жунусалиев Болот Мураталиевич рабфакты, Москва педагогикалык институтту, котормочунун жогорку 3 жылдык курсун, жогорку партиялык мектебин бүтүргөн. Алгач мугалим болуп иштеп, кыргыз басмасынын Жогорку Кеңештин Ведомствасында редактор, газета редакторунун орун басары. Улуу Ата Мекендик Согуш учурунда фронттук гезиттерде журналист болуп эмгектенген. 1946-1951-жылдары - Кыргыз ССРинин агартуу министри. 1954-жылы доктордук диссертациясын жактап, Кыргыз ССРинин илимдер академиясынын академиги болуп дайындалган. 1954-1960-жылдары - Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, Кыргыз ССРинин илимдер академиясынын алдындагы Манас секторунун ага ишмери.

Лингвист жана түрколог. Манас эпосуна болгон 1958-жылкы Жунусалиевдин сөз башы, манас таанучулардын ою боюнча манасты изилдөөгө арналган эң мыкты адабий статьялардын бири.

Сыйлыктары
Кызыл жылдыз жана Ардак белги ордендери, СССР медалдары менен сыйланган.
Кыргыз ССР илиминин эмгек сиңирген ишмери (1963).
Касым Тыныстанов атындагы сыйлыктын лауреаты (1996).

Илимий эмгектери
Жунусалиев Болот 100дөн ашык илимий эмгектердин авторунун ээси. Алардын негизгилери:
Кыргыз адабий тилинин негизги маселелери. Фрунзе шаары. 1954-жыл.
Кыргыз лексикологиясы. 1959-жыл
Адабий тилдин диалектикалык базасы. Фрунзе шаары. 1962-жыл.
Кыргыз тилинин изилденүү абалы жөнүндө. Фрунзе шаары. 1970-жыл.
Кыргыз диалектологиясы. Фрунзе шаары. 1971-жыл.
Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 1531, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо