Жумуш учурунда кантип алагды болбоо керек?

Жумуш учурунда кимде гана болбосун, дайыма алагды кылган учурлар кездешет, жана андай учурлар менен күрөшүүгө туура келет. Алагды кылуучу учурлар менен күрөшүп, көп учурда көптөгөн адамдар мындай учурларга жеңилип, алаксып кетишет. Бул материалда алагды кылуучу учурлар менен күрөшүү үчүн бир нече жөнөкөй ыкмалар көрсөтүлгөн.

Жумуш учурунда көңүлдү жумушка гана буруп, милдетиңизди аткаруу үчүн Сиз жымжырт коргонууга өтүүңүз зарыл. Жумуш ордуңуз эмнеге дайыма жетишпегендиктин аймагы болуусу керек?

Офисте же башка шарттагы жумушта отуруп каалаган адам, алагды кылуучу нерселер менен абдан катуу күрөштө болот. Адамдар көбүнчө аны өзүлөрү да билбейт. Дайыма көңүлдү бөлүп, ойлогон оюңузду бузуп, жанды төрткө бөлүүчү адамдардын же кесиптештердин суроолору, телефон чалуулар, интернеттеги ар кандай социалдык түйүндөрдөн келүүчү билдирүүлөрдүн арасында болобуз. Мындай кырдаалда кандай гана адам болбосун, алагды кылган учурга биз дайыма уттуруп жиберебиз.

Төмөндө өзүңөрдү баамдоо үчүн азын-оолак маанилүү кеңештер берилген:

1.Пунктуалдуу болуңуз

Эң биринчи, стандарттык пунктуалдык Сиздин өндүрүмдүүлүгүңүздүн же жумуштун жемиштүүлүгүн жогорулата турганын билүүңүз зарыл. Мунун эң жөнөкөй белгиси: Өзүңүздү пунктуалдуу болуу менен, Сиз акыл-эсинизди примитивдик деңгээлде өзүңөргө берген "убаданызды" аткарууга үйрөтө баштайсыз. Муну текшерүү үчүн Сиз пунктуалдуу жана пунктуалдуу эмес адамдарды түз эле салыштырып көрсөңүз болот (албетте, ичинизден, эч кимге айтпай :-) ).

Эгер дайыма кечиге баштаганыңызды түшүнө баштасаныз, мунун баары көп учурда Сиздин күн-тартибиңиздин ар кандай керексиз нерселерге ашыкча жүктөлгөндүгүнөн болот. Белгилүү бир ырааттама (расписание) түзүп алсаңыз, бардыгын таразалап, маанилүү жумуштарды гана аткарганга жардам берет.

2.Маанилүү маселелерди же милдеттерди бөлүштүрүп, жайгаштырып алгыла

Бир караганда оңой эле сыяктанат. Бирок өндүрүмдүү болуу, тизмедеги бардык милдеттерди же бардык маселелерди чечүү керектигин түшүндүрбөйт. Чынында бул көп учурда тескери болот. Эң биринчи жалпы жумуш күнүнүн "максатына" жетүү милдеттерин гана аткаруу зарыл. Калган маселелерди зарылдык деңгээлине жараша аткарса болот, бул Сиздин мээңиздин чыңалуусун жойот. Бул жыйынтык маанилүү.

Жалпы жумуш күнүнүн максатына жетүү үчүн, негизги төрт маселени эсинерге тутуп алсаныз болот, төртөө жетиштүү. Маселени же милдеттерди түстүү же көрүнүктүү кагазга жазып алгыла жана көзгө көрүнүктүү жерге илип койгула. Мындай ыкманы колдонуу менен, эгер алагды болуп кетсеңиз Сизге эскерткич катары болуп, дайыма кайсы жумушту биринчи кезекте аткаруу керектигин билип турасыз.

3.Алагды кылуучу учурларды болушунча кыскарткыла

Эгер офисте болобу, цехте болобу катуу үндөр көп болсо, кулактарды толук жапкан наушник кийип алсаныз болот. Бирок мындай учурда телефонуңузду же электрондук каттарды ар бир 3 саат сайын текшерип турууну унутпаңыз. Көздүн көзөмөлүнөн чыккан нерсе - ойдон да чыгып кетет эмеспи.

Ошондой эле, жалкоолук керексиз нерселерди жасоого көмөкчү болоорун эстен чыгарбоо керек. Башкача айтканда, Сиз жалпы жумуш күнү бою эс албай иштөөңүз мүмкүн, бирок жумуш күнүнүн максатына баарыбир жетпей, милдетиңизди аткара албай каласыз - бул жалган өндүрүмдүүлүк деп аталат. Жазылган маалыматтын чындык экенин акыл-эсиниз менен таанып-билип, сөзсүз түрдө жумушта жүргөндө мындай кырдаалдан алыс болууга аракет кылгыла.

4.Жумуш жасап жатканда ылдамдыкты эмес, тактыкты тандаңыз

Кайсы бир мекеменин башкаруучусу - "Ылдамдык таң калтырат, ал эми тактык таамай тийген октой болот" - деп айтканды жакшы көрчү экен. Бул эмнени түшүндүрөт? Сиз сокку артынан сокку уруп баарыбир керектүү натыйжага жетпей калууңуз мүмкүн, ал эми таамай урулган бир гана сокку, нокаутга кетирээрине шек жок.

Биздин "тез заманыбызда", иштеп жаткан адам, көбүнчө кеситештери менен кенешип же кенеш берип, көптөгөн жана ар кандай ойдогу адамдар менен сүйлөшүүгө туура келет. Эгер Сиз өзүңүздү начар сезип жатсаныз, эч ким менен сүйлөшпөңүз, эч кимге кеңеш бербениз, эч кимге телефон чалбаныз. Толкундануу балким стресс сезимдери профессионалдык денгээлде башка адамдар менен сүйлөшүп жатканда айдан ачык билинип калат. Ошондуктан туура чечим кабыл алуудан алыстап кетүүңүз мүмкүн. Шашпаныз, кичине эс алып алууга аракет кылыңыз, ойлоруңуз, толкундаган сезимдериңиз тынчыганда кайра ишке киришсениз болот. Көптөгөн психологдор айтышат экен: "Организмдин табигый батарейкасынын кайра кубатталышы (зарядталышы) үчүн 15-20 мүнөттүк эс алуу жетиштүү" - деп. Мындай эс алуулар өзүңөргө болгон ишеничти жогорулатып, башкалар тарабынан Сизге болгон ишеничти күчөтүп, жайлуу жана жөнөкөй баарлашууга шарт түзөт.

5.Жумуш ордуңузду уюштуруп, тартипке салып алгыла

Бул кенеш албетте, талашсыз маселедей көрүнүшү мүмкүн, бирок биздин заманда адамдар кандай ыкма менен жумуш орундарын уюштурушат? Өндүрүмдүүлүк же жумуштун жемиштүүлүгү таза жана жыйналган бөлмөдө абдан жогорулайт. Жумуш күн бүтөөрдө, эртеңки күнү тез жана оңой жумуш милдеттерине киришүү үчүн, бардыгын орундарына жыйнап коюңуз.

6.Эс алгыла!

Эс алган сон, жумушта кандай ыкмалар таасирдүү экенин, ал эми кайсылары таасирсиз экенин баамдап билип, туура чечим кабыл алуу оңой болот. Башкача айтканда кайсы жумушка киришип, кайсы жумушту токтотуп туруу керектигин анык байкай баштайбыз.

Эс алуу дайыма "тонуста" болууга шарт түзүп, көңүл чордонун эмнеге бурууну жана кайсы жол менен максатка жетүү үчүн зарыл. Биз көп учурда, качан жумуш аткарып жаткан адам, компьютерде болобу же жөн эле столдо отуруп алып, баш-оту менен кирип алып, иштеп жаткан адам - нукура "катуу" иштеп жатат деп ойлойбуз, бирок бул андай эмес!

7.Ден-соолукта болуңуз!

Бул кенеш, эми... эң эле жөнөкөй: Өз ден-соолугуңузга кам көрүңүз. Шашпай жана туура тамактануу, жетиштүү уйку, эртең мененки зарядка жана башка ушул сыяктуу ден-соолукка пайдалуу нерселер жумуш аткарууда укмуштуудай ийгиликтерге жеткирээри профессорлор тарабынан аныкталды.

Уйку деп айтып өткөн соң, уйкуга ар бир түнү 7-8 саат уктаңыз. Уйкусу канбай калган адамдар, күндүзгү эффективдүүлүгү төмөн болот. Бул маалыматты, кээ бир адамдар моюнуна албоосу мүмкүн, бирок бул - "илимий чындык". Өндүрүмдүү, жигердүү жана жемиштүү жумуштун жолу ден-соолуктан башталат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)