Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жумаш Асаналиев

Баш барак | Биографиялар | Жумаш Асаналиев

Жумаш Асаналиев — Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, жоокер.

Жумаш Асаналиев
Жумаш Асаналиев
Төрөлгөн датасы1923-жыл, 10-май
Төрөлгөн жериОтуз-Уул айылы, Каракол уезди, Жети-Суу облусу, Түркстан АССР, РСФСР, СССР
Каза болгон датасы1944-жыл, 25-июнь (21 жаш)
Каза болгон жериНадзречье (Узречье), Бешенкович району, Витебск облусу, Белорус ССРи, СССР
Аскер түрүжөө жүрүүчү
Кызмат жылдары1942—1944
Аскер наамыгвардия ефрейтору
СыйлыктарыСоветтер Союзунун баатыры

Биография

1923-жылы Ысык-көл областынын Ак-Суу районунун Отуз-Уул айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Улуту кыргыз. Комсомолдун мүчөсү. Орто мектепти бүтүргөндөн кийин колхоздо иштеген.

Кызыл Армияга 1942-жылы Пржевальск райондук аскер комиссариаты тарабынан чакыртылган. Иш-аракеттеги аскерде 1943-жылдан март айынан тарта болгон. Курск алдындагы кармашка катышкан. Эки жолу катуу жарадар болуп, айыккан соң, кайра катарга кошулган.

1-Прибалтика фронтунун 6-гвардиялык армиянын 67-гвардиялык аткычтар дивизиясынын 199-квардиялык аткычтар полкунун пулемётчиги, гвардия эфрейтору. Жумаш Асаналиев 1944-жылдын 24-июнунда Витебск облусунун Сиротинск (учурдагы Шумилинск) районунун Лабейки (Лобейки) кыштагынын жанындагы Батыш Двина суусунун аркы көзүнө пулемёту менен биринчилерден кесип өткөн. Салгылашуу учурунда пулемёттук расчёттун командири оор жарадар болуп, Асаналиев катардан чыккан командирди алмаштырган. Ок атуучу позицияга барып ал душмандардын үзгүлтүксүз чабуулдарын чагылдырып турган.

1944-жылдын 25-июнунда душман минасынын жарылуусунан улам расчёттогу жоокерлер катардан чыгат. Жумаш жалгыз калып, кармашты уланткан. Контр чабуул жасаган гитлерчилерди жакын аралыкка чейин келүүсүнө мүмкүндүк берип, андан соң аларды атып өлтүрүп турган. 20дан ашык гитлерчилерди өтлүрүп, ок-даарысы түгөнгөндө гранаталарды ыргытай баштайт. Душмандар өтө жакын аралыкка жакындаганда, туткунга түшүүнү каалабай Жумаш акыркы граната менен өзүн жана айланасындагы фашисттерди жардырган.

1944-жылдын 22-июлундагы СССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун буйругу менен немец-фашисттик баскынчыларга болгон күрөштөгү кайраттуулугу, эрдиги жана баатырлыгы үчүн гвардия эфрейтору Асаналиев Жумашка Советтер Союзунун Баатыры наамы өлгөндөн кийин берилген.

Сыйлыктары

Түбөлүктөө

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 1712, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-03-21
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо