Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жору деген эмне

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Жору деген эмне

"Жору деген эмне" - жаныбарлардын тарпы менен азыктанган жырткыч куштар да бар. Андай санитар-канаттуулардын бири - жору. Ал жалаң гана тарп менен азыктанат. Булардын бардыгы зор жана өтө күчтүү келет. Жорулардын эң кичинеси - тарпчынын канатынын жазылыгы 170 см, ал эми кондордуку болсо үч метрге чейин жетет. Бул - өтө зор жырткыч канаттуу. Жорулар ээн талааларда жана бийик тоолордо жашап, адам да, башка жандык да жете алгыс жар, чоку, дарактардын башына же көңдөйлөрүнө уялашат.

Мисалы, кондорлор бийиктиги 7 чакырым келген Америка тоолорунда жашайт. Жору өтө бийик көтөрүлөт да узак убакытка чейин абада калкып, тарп из дейт. Тарп көзүнө илинер замат дароо ага түшөт. Ушунчалык бийиктен тарпты көрүү үчүн эмне деген көз керек! Адам баласы жоруну жакшы көрбөйт, анткени алардын жеген тамагы жийиркеничтүү. Бирок кимде-ким жаратылышты чындап сүйсө жана баалай билсе, анда тарпка тоюп, талпылдап уча албай калган күндө да аларды атпайт.

Кокус жорулардын уясынан бир нече жумурткасы же балапандары табылса, эч качан аларга тийбеш керек, анткени жорулар өтө пайдалуу канаттуулар. "Жору деген эмне" - жору бул жырткыч канаттуу, ошондуктан булардын тырмактары узун жана курч келет.

Жорулардын латынча аталышы: Neophron percnopterus
Узундугу: 52-56 см
Салмагы: 1,6 - 2,8кг

Башка канатуулар сыяктуу эле, жаздын ортосунда башталат. Ургачысында орточо 2 жумурткасы, бир же үч жумуртка сейрек кездешет, жумурткалары бири-биринен 2-3 күндүк кечигүү менен пайда болот. АЙтылгандай эле жорулардын уялары жарларда, бийик тоо беттеринде, байыркы куралмалардын урандыларынын арасында, бак-дарактарда болот. Алар күндү жактырбайт, ошондуктан уялары күндүн нуру жакшы тийбеген, чыңкур-жаракаларда. Уя салуудагы курулуш материал катары алар сөөктөрдү колдонушат. Ургаачысы жумуркасын бир айдан ашыгыраак басат. Жорулар табиятта түгөй болуп жашашат, бирок үйүр болуп жашагандары да кездешет. Жорулар эң көп кездешкен жер бул Африка, Европа жана Азия, ошондой эле Кавказда да кездешет. "Жору деген эмне" макалабыз ушундай, пикирлер болсо жазып койгула.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 4533, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-03-28
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу