Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жоомарт Бөкөнбаев-Жайдын кечи

Баш барак | Адабият | Жоомарт Бөкөнбаев-Жайдын кечи
Ж. Бөкөнбаев "Жайдын кечи" деген ырында жаратылыштын кооздугун даана салыштырып көрсөткөн. Тактап айтканда, ошо жайдын кечиндеги асмандын көрүнүшүн, дайранын агымын, булбулдун үнүн, жалбыздын жытын, торгойдун таңшыганын угуп, көпөлөктөр кыналып учканын айткан. Ошондой эле кечкириц түнгө жакын калганда, тоолор уйкуга кирип, күүгүмдөн карагай башы көрүнбөй калганын, андан соң жылдыздар асманга чачырап чыгарын айткан. Бул көрүнүш жаратылыштагы кандай сонун керемет! Жайдын кечи
Манаттай асман кызарып,
Магдырап барат айланам.
Чачырайт көбүк бетиме,
Чамынып аккан дайрадан.
Муңайым тартып угулат,
Булбулдун үнү сайраган.
Жалбыздын жыты буруксуйт,
Жаныңа жыпар чачкандай.
Торгойлор тынбай таңшышат,
Токтогул күүсүн тарткандай.
Кыналат күүгө көпөлөк,
Кыз менен жигит жаткандай.
Үлгүрөп тоолор баратат,
Уйкуга батып алсырап,
Карагай башын көрүүдөн.
Карарган күүгүм жашырат.
Токтой тур, курбум, токтой тур,
Чолпон да чыгар чачырап!
Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 4408, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо