Жоокердик өнөр

Биздин заманга чейинки доордон Монгол чапкынына чейинки мезгилде Борбордук Азияда нечен деген элдер, уруулар жашап өттү. Далайларынын аты чыкпай, күчтүүсүнө жем болду. Кай бири бийликке жетпеди. Тыңдары хан ордосун курду. Санап кетсек, байыркы хундар 300 жыл, сянбилер 200 жыл, моюндар 100 жыл, тобалар 200 жыл, жуңжандар 150 жыл, түрктөр 200 жыл, уйгурлар 100 жыл, кидандар 200 жыл бийликте турду. А кыргыз бабаларыбыз Борбордук Азияда 80 жылдай хан тактысында көк асабасын желбиретти. Ошончо көчмөн элдердин ичинен б. з.ч. доордон бери эң узак өмүр сүргөн, тарыхта изин өчүрбөй келе жаткан эски калк кыргыздар. Кыргыздарды тыйпыл кырып салдык, жер менен жексен кылдык, ордосун сапырдык, жер үстүнөн ыпым жоготтук деген кербез сөздөр тарыхта көп айтылган.

А бирок, кыргыздар жер үстүнөн эч качан жоголгон эмес. Анын керемет күчү эмнеде болду экен? Кыргыздар эзели башкаларга эч жамандык каалабаган, кыянаттык кылбаган, башкага жемин жедирбеген сак, катылгандын катыгын берген, эрдик менен эл-жерин коргогон, намыской жана жаалуу душмандан өчүн алып турган жоокер эл эле. Чапкынчыны кыргыздар өтө катуу жазалаган. Байыркы бабалардын айрыкча акылмандыгы, кыраакылыгы, эрдиги жана жоокердик өнөрүн мыкты өздөштүргөнү аны XX кылымга жеткирди. Илимпоздор эл тарыхын изилдегенде айрыкча согушка көбүрөөк көңүл бурушабы, айтор, кыргыз тарыхына саал абай салсак, эзелтеден калайыктын көргөн күнү уруш-согуш, жедеп эле калаймандан башы чыкпагансыйт.

Элдин тагдыры көбүн эсе майдан менен өткөн, селдей каптаган жоого көкүрөгүн тоскон, баскынчылардан азап чеккен, журтунан куулган, жер-ээлигинен айрылган. Ошондуктан көз-жашын төккөн кайгылуу ыр, кошок, дастан, эпостор ырдалса керек. Бабалардын керээзи, осуяттары жана эрдиги көбүрөөк айтылган. Өткөн тарыхка сабырдуулук менен ой сыдырсак, деле урушпай өткөн же майдандан качып, коңулга аман жашынып калган көчмөн эл болгон эмес, андай элдердин өмүрү кыска болгон, тарых барагынан эбак өчүп калган. Ал эми байыркы көчмөн бабалардын турмушунда бейпил жашаган күндөрүнөн кыжаалаты, муң-кайгысы, урушу ашкере арбын болгон, кайсы эл күчтүү чыкса, алдуу болсо ошонун арааны, даңазасы жакшы жүргөн. Ошондуктан кыргыздар күчтүү баскынчы уруулардын, элдердин курчоосунда жашагандыктан бабаларынын, кошуналарынын жоокердик өнөрүн, алардын тажрыйбасын байыркы доордон эле үйрөнүшкөн. Кыргыздардын байыртадан бери ооздон оозго айтылып келген элдик чыгармаларында - ырларында, поэмаларында, эпосторунда жана санжырада өздөрүнүн баскан жолун, эрдиктерин, кыжалат кезде жол тапкан акылмандарын жана жоокердик өнөрүнүн сабактарын айтып келген. Байыркы кыргыздардын кайгылуу уруштарынын даректерин санжырадан, уламыштардан, оозеки чыгармалардан, эпостордон, таштагы руна жазууларынан жана башка элдердин тарыхый жазмаларынан табабыз.

Уруштар уруктардын, уруулардын жана элдердин ортосунда жүргөн, алар кыска жана узак мөөнөттө болуп турган. Согуштун чыгышынын себептери ар кыл болгон. Көбүн эсе жер талашуу, малды, дүр-дүйнө талап алуу, кул, күң олжолоо жана душманын багындырып алым-салык алып туруу - негизги максат эле. Илгерки көчмөндөрдүн жашоосундагы жоокердик өнөрдү азыркы түшүнүк менен салыштырып кароо жана баа берүү жарабас. Бүгүнкү күндө кыргыздардын урушка байланыштуу көп сөздөрү, жоо жарактары бир нече доор ичииде урунбагандыктан элде сакталбады, кээси гана энциклопедиялык сөздүктөрдөн же ажайыпканадан табылып калды. Жоокердик өнөргө байыркы кыргыздар эрте машыккан. Алар Орто Азия аймагында, Византия, Иран өлкөлөрү менен Борбордук Азияда, Түштүк Сибирде, кытайлар, хундар, жужандар, түрктөр, уйгурлар менен урушуп, башынан көп кыйынчылыктарды өткөргөн соң, жоокердиктин тажрыйбасы улам өсүп отурду.

Борбордук Азияда кыргыздардын улуу мамлекети, бийлиги аз жылга созулса да көк асаба туусун көтөрүп, тулпарын тоо-түзгө ойнотуп, отузга жеткен көчмөн урууларды сурап турган учуру болгон. Байыркы бабалардын жоокердик өнөрүн абайласак ар бир жыйырма-отуз жыл аралыгында урушту, жаңжалды сөзсүз башынан өткөрүп турганын көрөбүз. Байыркы доордо кимдин куралы, жоокердик өнөрү күчтүү болсо эле бийликке такка отурган эмес. Бийликке жетүүнүн жана аны сактап калуунун айла-амалдары, жолдору арбын эле. Көчмөн уруулардын, анын ичинде кыргыздардын негизги максаты - жоокерлердин санын көбөйтүү жана элдин башын бириктирүү болгон. Кагандар, байлар, бийликтегилер төрттөн кем эмес аял алууга жетишкен.

Айрыкча кагандар, жол башчылар күчтүү уруудан, өлкөдөн куда-сөөк, тамыр күткөн. Бир муун отуз жылдын ичинде жетилгенде ар бир үй-бүлөдөн отузга дейре жоокер чыгарган учурлар жолуккан. Ырас, арасында башка уруулардан, элден кулдар, колго түшкөндөр курама аскерге алынган. Мындай салт замандын тажрыйбасынан чыккан. Бул урууну, улутту сактап калуунун айла-амалы, жолу болчу. Эр жеткенге чейин кыргыз баласы жаштайынан жоокердик өнөрдү эрте өздөштүргөн. Кыргыздардын уландары он эки жашында балакатка жетилип кан төгүлгөн кармашка, майданга түшкөнү улуу эпостордо, санжырада айтылат.

Боз бала атка чапчаң минип үйрөнгөн, ат чабышка катышкан. Өтө чыйрактары торпок минген, азоо тай үйрөткөн, көк бөрүгө катышкан, ордо ойноп, жаа тартып, аңчылыкка машыккан. Жоокердик турмушка көнүп, согуш оюндарын ойношкон, эрдик ырларды ырдашкан, аскердик анттарды жатташкан жана аларга атайы насааттар айтылган. Кыргыз уламыштарында айтылат: илгери жоолашкан эки уруунун майданга даярданып жатканын билиш үчүн атайы тыңчылар жиберилген. Санжыра боюнча тыңчылар - бакшылар, малын жоготумуш болгон жылкычылар жана чоочун элге күйөөгө чыккан, төркүнүнө боор тарткан аялзаттар болгон. Албетте, сырттан барган тыңчылардын адегенде ошол айылдын балдарынын оюндарына көзү түшкөн.

Эгерде балдары жоокердик өнөрүн ойноп жүрсө, анда ошол айылдын чоң кишилери майданга камынып жаткан болот. Эгерде айылдын бала-бакырасы бейпил оюндарга алагды болсо анда кошуна жайбаракат жатканы деп жорушкан.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)